Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесине материалдык жардам көрсөттү

Басылмалардын датасы: 02.06.2022


Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун жана эмгек жамаатынын атынан Улутстаткомдун жетекчилиги «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесине барып, канцелярдык товарлар жана оюнчуктар түрүндөгү материалдык жардам көрсөттү.

Өз кезегинде «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Мира Итикеева борбордун жалпы жамаатынын жана тарбиялануучуларынын атынан Улутстаткомдун жетекчилигине жана жалпы жамаатына көңүл буруп, материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Улутстатком ар кандай кайрымдуулук акцияларына ар дайым активдүү катышат жана интернаттарга, карылар үйлөрүнө жана балдарга жардам көрсөтүү жана коргоо борборлоруна материалдык жардам көрсөтүп келет.

           

           

           

 

 


Акыркы жаңылоо: 02.06.2022, 15:58