Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө буйрукка кол коюлду

Басылмалардын датасы: 24.03.2017


Бүгүн, 24- мартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы №478-б буйругунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрында №617 токтому менен бекитилген 2017-жылдын Статистикалык иштеринин программасын жана “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын”   ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо иреетинде, Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратында жана мамлекеттик статистиканын аймактык, ведомстволук органдарында иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө  буйрукка кол койду. (кененирээк)


Акыркы жаңылоо: 27.03.2017, 10:35