Улуттук статистика комитети өлкөнүн ички дүң продуктусун жана анын компоненттерин баалоолорун жакшыртууга көмөктөшө турган «Ресурстар-Пайдалануу» таблицаларынын эсептөөлөрүн жүргүздү

Басылмалардын датасы: 30.07.2019


2019-жылга карата Статистикалык иштердин программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан биринчи жолу өлкөнүн статистикалык практикасында 2016-жыл үчүн Ресурстар жана Пайдалануу таблицалары (РКТ) түзүлдү.

«Ресурстар-Пайдалануу» таблицаларынын маалыматтары, ар кандай булактардан алынган маалыматтарды салыштыруу жана баалоо жолу менен экономикадагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымдарын толук талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. РКТда, бир тараптан, жергиликтүү ишканаларда өндүрүлгөн, ошондой эле өлкөгө импорттолгон товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги берилсе, экинчи тараптан, ички рынокто товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун агымдары жана алардын башка өлкөлөргө болгон экспорту чагылдырылат.

Таблицаларды түзүү процессинде продуктуларды өндүрүү бөлүгүндө, ошондой эле аларды пайдалануу бөлүгүндө да дал келбестиктер чыгып калышы мүмкүн, жана баалоолорду түзөтүү (корректировкалоо) зарылдыгы келип чыгат. Бул өлкөнүн ички дүң продуктусун жана анын компоненттерин баалоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.

 

______________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 30.07.2019, 11:28