Улутстатком, анын ведомстволук жана аймактык мамлекеттик статистика органдары короновируска каршы күрөшүүгө акча каражат которушту

Басылмалардын датасы: 29.04.2020


          Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалыккомитети, анын ведомстволук жана аймактык мамлекеттикстатистика органдары тарабынан COVID 19 коронавирустукинфекциянын таралуу коркунучуна каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү үчүн 705 миңге жакын сом өлчөмүндө акча каражат которулду, анын ичинен 446 миңге жакын сом- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүүминистрлигинин эсебине, 86 миңге жакын сом - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигининэсебине которулду, ошондой эле 112 миңден ашык сом жакырларга тамак-аш азыктарын сатып алууга багытталды.

 


Акыркы жаңылоо: 01.05.2020, 22:46