Кыргыз Республикасынын Улутстаткому 2018-жылдын 1-январына карата абалы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин санына эсептөө жүргүзөт

Басылмалардын датасы: 17.01.2018


   №1-ГОС формасы (кыскача) ЕГРСЕде мамлекеттик органдар катары  катталган, юридикалык жактын укуктарына ээ болгон бардык мекемелер, уюмдар жана алардын өз алдынча обочолонгон бөлүмдөрнө жайылтылат.

Министрликтер жана ведомстволор жана алардын аймактык органдары 2018-жылдын 28-январынан кечикпей  өздөрү жашаган жерлери боюнча мамлекеттик статистика органдарына №1-ГОС формасындагы (кыскача) отчетторду кагаз түрүндө беришет.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өз алдынча (юридикалык жактын укугуна ээ) органдары  (бардык деңгээлдеги Кеңештер, шаардык жана шаарчалар башкармасы, мэрия, айыл өкмөтү) 2018-жылдын 20-январынан кечикпей өздөрү жашаган жерлери боюнча мамлекеттик статистика органдарына №1-ГОС-М формасы «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин саны жөнүндөгү отчетун» беришет.

 

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү           e-mail: jailobaeva@stat.kg                  

                +996(312) 626076                    +996(312) 324722


Акыркы жаңылоо: 17.01.2018, 17:35