Улутстатком статистикалык изилдөөлөр багытында ЮСАИД Долбоору менен кызматташтыгын бекемдейт

Басылмалардын датасы: 19.01.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов “Укук булагы” ЮСАИД Долбоорунун башчысы Фред Хьюстон жана аталган долбоордун координаторлору менен жолугушту.

Конокторду жылуу кабыл алып жатып Улутстаткомдун башчысы Б.Кудайбергенов ЮСАИД менен статистикалык изилдөөлөр багытындагы өз ара кызматташтыгынын маанилүүлүгүнө токтолду. “Биздин кызматташтык кайрадан жанданып жаткандыгына кубанычтамын, маселен 2012-жылы ЮСАИД менен кынтыксыз кызматташкан элек. Кызматташуу алкагында биз Медико-демографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында ден соолук, билим берүү, аялдарга болгон зордук-зомбулук жана башка жаатындагы маанилүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. ЮСАИД андан тышкары Кыргыз Республикасындагы мультииндикативдик класстердик изилдөө жүргүзүүдө БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) каржылоочу агенттик катарында да көп жардамын берди”,- деди өз сөзүндө Б.Кудайбергенов.

Өз кезегинде “Укук булагы” ЮСАИД Долбоорунун башчысы Фред Хьюстон укуктук маалыматка, укуктук жардамга, деги эле сот адилеттигине мүмкүндүк алуудагы элдин реалдуу керектүүлүгүн изилдөөсүн жана сот тармагында иштеп жаткан, ошону менен бирге сот тармагында иштөөгө талапкерлердин гендердик курамы тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө статистикалык маалыматтарга кошуу сунушун жолугушуу учурунда киргизди.

 Жолугушуунун соңунда тараптар жогоруда белгиленген сунуштарды талкуулашты.

       

       

       

       

       

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 19.01.2022, 13:36