Улутстатком журналисттерге статистикалык маалыматтарды туура колдонууну үйрөтөт

Басылмалардын датасы: 22.10.2021


Улутстатком журналисттердин расмий статистиканы колдонуу потенциалын жогорулатуу үчүн эки күндүк окуу тренингин өткөрөт.

Семинардын жүрүшүндө журналисттерге ички дүң продукт, финансылык статистика, республиканын тышкы экономикалык ишмердүүлүгү, социалдык маселелер, калк жана турак жай каттоосу жана башкалар боюнча колдонуучулар арасында эң көп суроо-талапка ээ болгон маалымат берилет. Мындан тышкары, семинардын катышуучулары ЦУР көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Улутстаткомдун Коммуникациялык стратегиясы менен таанышат.

Улутстаткомдун өкүлдөрү топтордо иштешет жана журналисттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришет.

Семинардын максаты - статистика менен ЖМК өкүлдөрүнүн өз ара байланышын жакшыртуу, алардын статистикалык сабаттуулугун жогорулатуу жана маалыматка болгон муктаждыктарды талкуулоо.
https://vesti.kg/obshchestvo/item/92268-natsstatkom-nauchit-zhurnalistov-pravilnomu-ispolzovaniyu-statisticheskikh-dannykh.html http://kabar.kg/news/natcstatkom-obuchil-zhurnalistov-pravil-nomu-ispol-zovaniiu-statisticheskikh-dannykh/ https://avtortv.com/%D0%BD%D0%B0%D1%86%D1%81%D1%82%D0%B0%D1%82%D0%BA%D0%BE%D0%BC-%D0%BF%D1%80%D0%B8-%D1%81%D0%BE%D0%B4%D0%B5%D0%B9%D1%81%D1%82%D0%B2%D0%B8%D0%B8-%D0%BE%D0%BE%D0%BD-%D0%B6%D0%B5%D0%BD%D1%89%D0%B8/
 


Акыркы жаңылоо: 25.10.2021, 09:52