Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун логотибин иштеп чыгуу боюнча дизайнерлердин арасындагы конкурс

Басылмалардын датасы: 27.12.2018


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТСТАТКОМУ 2018-ЖЫЛДЫН 1-ДЕКАБРЫНАН 30-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 2020-ЖЫЛЫ ЭЛ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ ФОНДУН КАТТООНУН ЛОГОТИБИН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ДИЗАЙНЕРЛЕРДИН АРАСЫНДА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

ЛОГОТИПТИН дизайны жана стили төмөнкүдөй болушу шарт:

  • 2020-жылдагы эл жана турак фондун каттоонун максатын жана мазмунун чагылдыруу;
  • улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдыруу;
  • эсте каларлык жана кайталабаган же оң эмоцияларды гана пайда кылган фрагменттерди чагылдыруу.
  • булар келбет, силуэттер, адамдардын формалары, быйтыкчалар (смайлик), визуалдык сүрөттөр, бирок кандай гана болбосун, эл каттоо менен милдеттүү түрдө байланышкан сүрөттөр болушу мүмкүн.
  1. Эң мыкты иш үчүн каралган байге:
    Конкурстун жеңүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган салыктарды кошкондо 50000 сом өлчөмүндөгү сыйлык.

 

Конкурска катышуу үчүн конкурстук ишти мөөр басылган конвертте 2018-жылдын 30-декабрына саат 17.00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча жөнөтүү керек: Бишкек ш., Фрунзе көч., 374 же nsc_mail@stat.kg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 2020-ЖЫЛЫ ЭЛ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ ФОНДУН КАТТООНУН ЛОГОТИБИН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА КОНКУРСТУ ӨТКӨРҮҮНҮН ЖАНА КАТЫШУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Бул эрежелер конкурсту өткөрүүнүн жана уюштуруунун тартибин жөнгө салат;

1.2. Кыргыз Республикасынын Улутстаткому конкурстун уюштуруучусу болуп саналат;

1.3. Конкурс 2018-жылдын 1-декабрынан 30-декабрына чейинки аралыкта өткөрүлөт.

 

2. КОНКУРСКА КАТЫШУУНУН ШАРТТАРЫ

2.1. Конкурска катышуу үчүн конкурстук ишти 2018-жылдын 1-декабрынан 30-декабрына чейинки аралыкта төмөнкү дарек боюнча жөнөтүү керек: nsc_mail@stat.kg.

2.2. Катышуучу конкурстук иш менен бирге байланыш маалыматтарын жөнөтүүсү зарыл: аты-жөнү, үй же мобилдик телефонунун номери, электрондук почтасынын дареги.
2.3. Конкурстук ишти Corel Draw же Adobe Illustrator программаларында jpg форматынын preview вариантын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен даярдоо сунушталат.

2.4. Конкурстук иштер түстүү жана кара-ак сүрөттө иштелип чыгып, сүрөтчүнүн көз карашы боюнча маанилик баяндоого ээ болушу керек.

2.5. Ар бир катышуучу берилген темага карата чектелбеген сандагы иштерди конкурска жибере алат.
2.6. Конкурстун катышуучусу жөнөтүлгөн сүрөттөр жана идеялар үчүнчү жактардын мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын бузбай тургандыгына, үчүнчү жактардын ар-намысына, кадыр-баркына жана иш абройуна шек келтирбей турган маалыматтарды камтыбай тургандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна жана жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык ченемдерге каршы келбей тургандыгына кепилдик берет. 
2.7. Катышуучу конкурстан жеңип чыккан учурларда байгени алуу үчүн уюштуруучуга бардык маалыматтарды берүүгө милдеттендирилет.

3. ИШТЕРДИ БААЛОО ЖАНА КОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮН АНЫКТОО

3.1. Иштерди баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жумушчу комиссиянын ой-пикири менен 2019-жылдын 20-январына чейин аныкталат.
3.2. УСКнын веб-баракчасына конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жолу менен жеңүүчү жөнүндө маалымат берилет, ошондой эле жөнөтүүчүнүн электрондук почтасына жеңгендиги жөнүндө кат жиберилет.

3.3. Жумушчу комиссия тарабынан катышуучулардын ичинен конкурстун жеңүүчүсү тандалып алынат.

3.4. Конкурстун ушул жобосунун 2.3-пункттары бузулган учурларда, конкурстун уюштуруучусу конкурстун катышуучусун конкурстан четтетүүгө жана сунушталган иштерди конкурска катыштырууну токтотууга укуктуу.

  
4. БАЙГЕ ФОНДУ

4.1. Конкурстун жеңүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган салыктарды кошкондо 50000 сом өлчөмүндөгү сыйлык кепилденет.

 

5. КАТЫШУУЧУНУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

5.1. Катышуучу эрежелер менен аныкталган шарттарда конкурска катышууга укуктуу.
5.2. Катышуучу өзүнүн байланыш маалыматтарын көрсөтүүгө милдеттүү.
5.3. Конкурска катышуу автоматтык түрдө катышуучулардын ушул эрежелер менен таанышып чыккандыгын жана толук макул болгондугун билдирет.
5.4. Катышуучу конкурстун ушул жоболорун сактоого милдеттендирилет.
 
6. УЮШТУРУУЧУНУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
6.1. Уюштуруучу ушул эрежелерге ылайык конкурсту өткөрүүнү, ошондой эле жеңүүчүнү сыйлоону камсыз кылууга милдеттүү.
6.2.  Уюштуруучу конкурстук иштердин үчүнчү жактар тарабынан аткарылышына жоопкерчилик албайт.

6.3. Уюштуруучу конкурсту токтотууга же катышуучу тарабынан конкурстун ушул жоболору бузулган учурларда жеңүүчүгө байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу.


Акыркы жаңылоо: 23.01.2019, 13:49