Улутстаткомитети азыркы мезгилде эл каттого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча эч кандай иш-чараларды жүргүзүүнү пландаган эместигин расмий түрдө билдирет

Басылмалардын датасы: 01.06.2020


Социалдык тармактарда "Бишкектин медиктери үймө-үй кыдырып жана калкты каттоо менен алектенишүүдө"деген маалымат пайда болду.

Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдаган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган.

Жогоруда келтирилгендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүүгө тартыла турган болжол менен 28 000 адамдын ичинде врачтар жок экендигин жана учурда эл каттоо боюнча эч кандай иш-чараларды жүргүзбөгөндүгү тууралу расмий түрдө билдирет.

Так маалымат алуу үчүн (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 телефондоруна же Улутстаткомго жана жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

*******

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси). Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 01.09.2020, 16:06