Улутстатком Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы эл жана турак жай фонду каттоосунун суроолор тизмеги боюнча мобилдик тиркемени кошумча тестирлөөнү пландоодо

Басылмалардын датасы: 19.06.2019


Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, 2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн сынамык эл каттоодо Улутстаткомдун адистери тарабынан эл жана турак жай фонду жөнүндө маалыматтарды суроолор тизмегине электрондук форматта офф-лайн режимде киргизүү үчүн мобилдик тиркемеге тестирлөө жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда эл жана турак жай фондунун пилоттук каттоосун эске алуу менен мобилдик тиркеме толук иштелип чыгууда. 2019-жылдын июл айында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагынын аймагында Улутстаткомдун адистери тарабынан бул мобилдик тиркемени кошумча тестирлөө боюнча иштер жүргүзүлөт. Пландаштырылган иштерди 10 күндүн ичинде бүтүрүү болжолдонууда.

_____________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү   I e-mail: r.chynybaeva@stat.kg   I  тел. + 996 (312) 32 53 36

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 19.06.2019, 17:11