Улутстатком каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда

Басылмалардын датасы: 21.02.2020


Улутстатком, азыркы учурда 23-марттан 1-апрелге чейинки мезгил аралыгында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдык толук кандуу жүрүп жаткандыгын маалымдайт.

Мурда белгиленгендей, 1999-жана 2009-жылдары кагаз суроолор жыйнагын пайдалануу менен жүргүзүлгөн каттоолордон башкы айырмасы, алдыдагы каттоо маалыматтарды топтоонун электрондук форматтагы ыкмаларын колдонуу менен биринчи жолу өткөрүлөт.

Мындай ыкманын башкы артыкчылыктарынын бири алынган маалыматтардын сапатын жогорулатуу, аларды иштеп чыгууга кеткен убакытты кыскартуу жана эң башкысы, каталарды ыкчам табуу жана четтетүү болуп саналат. Мындан тышкары, инфографика жана жайылтуунун башка формаларын пайдалануу менен анын негизги жыйынтыктарын мүнөздөгөн Excel, буклеттер, чоң сандагы таблицалар менен электрондук варианттагы публикацияларды жайылтуунун ар кандай формаларын даярдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Бул максатта, Улутстатком каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда. Мында, мурда эл каттоого же кайсы бир статистикалык тандалма изилдөөлөргө катышкан 18 жаштан жогору курактагы Кыргыз Республикасынын жарандарына артыкчылык берилет. Мындан тышкары, Android 5 системасында башкарылган уюлдук телефону болушу жумушка кабыл алуу үчүн зарыл шарт болуп саналат.  

Ишке орношуу боюнча бардык суроолоруңузду жашаган жер боюнча мамлекеттик статистиканын облустук башкармалыгына төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыздар болот:


Акыркы жаңылоо: 21.02.2020, 17:00