КР Улуттук статистика комитети мобилдик тиркемени тестирлөөдөн өткөрүүнү пландаштырууда

Басылмалардын датасы: 06.11.2019


“Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы  №690 токтомунун аткарылышы жана 2020-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүүгө карата даярдык көрүү максатында, КР Улуттук статистика комитети 2019-жылдын 18-ноябрынан 27-ноябрына чейинки мезгилде Ош шаарында электрондук форматта маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу боюнча мобилдик тиркемени тестирлөөдөн өткөрүүнү пландаштырып жатат. Тестирлөө ЮНФПА жана Дүйнөлүк банктын финансылык жардамы менен өтөт.

Ушул мобилдик тиркемени тестирлөө үчүн эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча координатор, инструктор-контролер жана каттоочулук убактылуу кызматка 200дөн ашык каттоо жүргүзүүчү адам тандалып алынат. Тандалып алынган кызматкерлерге маалымат берүү үчүн беш күндүк окутуу өткөрүлөт, анын жүрүшүндө маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуунун методологиясына байланышкан маселелерди иликтеп үйрөнүү, ошондой эле мобилдик тиркеме менен иштөө боюнча практикалык сабактарды өткөрүү пландаштырылууда.  

______________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү       e-mail: r.chynybaeva@stat.kg         тел. + 996 (312) 32 53 36

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 06.11.2019, 17:33