Улутстатком алыскы аймактарды каттоо үчүн каттоочу персоналды окута баштады

Басылмалардын датасы: 18.04.2022


Белгилүү болгондой эле, 2022-жылдын 23-апрелинен 2-май аралыгында республикабыздын алыскы аймактарында эл жана турак-жай фондун катоонун экинчи этапы башталат, анын алкагында өлкөбүздүн 15 райондорундагы 36 айыл аймактары каттоого алынышат.

Каттоону жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн ушул жылдын 18-апрелинен 20-апрель аралыгында каттоочу персоналды каттоо иштерине даярдоо максатында окутуучу семинарлар өткөрүлөт. Окутуунун алкагында каттоочунун милдеттерин, электрондун сурамжылоолордун программаларын, анын мобилдик тиркемедеги мазмуну, ошондой эле толтуруу тартиби дыкат каралат.

Ошол эле мезгилде, 2022-жылдын 23-апрелинен 2-май аралыгында ушул жылдын 25-марттан 3-апрель аралыгындагы каттоо учурунда кайсы бир себептерден улам каттоого алынбай калган жарандар үчүн контролдук каттоо өнөктүгү өткөрүлөт.

1216 «тынымсыз байланышы» каттоодон өтпөй калгандардын арызын кабыл алууну улантууда. Кошумча WhatsApp номерлерине жазсаңыз болот: +996 (502) 159 815, +996 (999) 183 020.

Кошумча +996 (502) 159-815 номериндеги WhatsApp аркылуу да өзүңүздөрдүн билдирүүңүздөрдү калтырсаңыздар болот.

          

 

 

          

         

         

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 18.04.2022, 17:35