Улутстатком статистикалык маалыматтарды туура пайдаланууга чакырат (Улутстаткомдун 24.05.17-ж. Вести.kg, сайтында жарыяланган комментарийге карата жооп)

Басылмалардын датасы: 30.05.2017


Эскерте кетсек, базарлар, ишканалар жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн Ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдун “Вести.кg” "сайтында жарыяланган журналист Виктория Предигер менен болгон маегинин жүрүшүндө дүң жана чекене соода көлөмүнүн жүгүртүүсүнүн өсүү темптеринин төмөндөөсүн мүнөздөгөн маалыматтарына ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Улутстатком, республиканын кызмат көрсөтүү рыногун мүнөздөөчү, тактап айтканда, дүң жана чекене соода көрсөткүчтөрүнүн түзүлүүсү, баарынан мурда БУУнун Статистикалык бөлүмү тарабынан иштелип чыккан дүң жана чекене соода статистикасы боюнча Эл аралык сунуштарынын негизинде Улутстаткомдун коллегиясынын токтому менен бекитилген сооданын, мейманканалардын жана ресторандардын жүгүртүүлөрүнүн физикалык көлөмүнүн индекстерин эсептөөнүн методикасына ылайык эсептелерин автордун эсине салат.

Муну менен бирге, дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүү көлөмү иш жүзүндөгү баада эсепке алынат, ал эми анын физикалык көлөмүнүн индекси (өсүү же төмөндөө темпи) керектөө бааларынын индексин колдонуу менен салыштырма баада эсептелет. Тиешелүү түрдө, керектөө бааларынын индекси канчалык жогору болсо, дүң жана чекене соода жүгүртүүсүнүн . өсүш темпи ошончолук төмөн болот. Алсак, эгерде 2017ж. январында керектөө бааларынын индекси 2016-ж. январына карата 100,0 пайызды түзгөн болсо, дүң жана чекене соода жүгүртүүсүнүн өсүш темпи - 104,2 пайызды болгон, январь-февралда тиешелүү түрдө 100,8 пайыз жана 104,1 пайыз, январь-мартта - 101,7 пайыз жана 103,9 пайыз, ал эми январь–апрельде - 102,1 пайыз жана 103,7 пайызды түзгөн. Айткандай, фактылар иш жүзүндө көрүнүп турат.

Ал эми автордун ижара акысынын «соода активдүүлүгүнүн темпинин өсүшү же азайуусунун индикатору» катары пайдаланылат деген комментарийине кайрылсак, эсептөөнүн мындай ыкмасы эл аралык тажрыйбада пайдаланылбайт.

Жыйынтыгында, Улутстатком, өз пикирин гана жетекчиликке алуу менен, тигил же бул көрсөткүч туура эмес деген шашылыш тыянакты чыгаруудан мурда, керектүү маалыматтарга зарыл болгон салыштыруу жүргүзүүгө жооп алуу үчүн, Улутстаткомдун расмий сайтында, пайдалануучулардын ыңгайлуулугу үчүн жайгаштырылган, методологиялык түшүндүрмөлөргө кайрылууну сунуштайт.

 


Акыркы жаңылоо: 31.05.2017, 11:11