Улутстатком колдонуучуларды статистикалык маалыматтарды туура чечмелөөгө чакырат

Басылмалардын датасы: 17.07.2019


Кечээ 5-каналдын «Кеп ошондо» аттуу берүүсүндө айтылган ой-пикирлердин жүрүшүндө программанын алып баруучусу республикага тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүшү жөнүндө статистикалык маалыматтарга туура эмес чечмелөө колдонуу менен дагы да болсо алардын ишенимдүүлүгүнөн күмөн санап өткөндүгүн эскерте кетели.

Бирок, Улутстатком комментария берген автордун жаңылыш маалымат бергендигин айтууга мажбур.

Алып баруучу айтып өткөн 2019-жылдын I жарым жылдыгы үчүн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүшү жөнүндөгү статистикалык маалыматтар Улутстаткомдо азыркы учурда жок, “кеп ушунда”.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген статистикалык иштердин программасына ылайык, 2019-жылдын I жарым жылдыгындагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү маалыматтары Улутстатком тарабынан сентябрдын экинчи декадасында гана каралат.

Ал эми оперативдүү отчеттуулуктун негизинде Улутстатком ала турган тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү жөнүндө маалыматтар тууралуу айтсак, үстүбүздөгү жылдын I кварталынын (программанын жүрүшүндө алып баруучу айткандай I жарым жылдыгынын эмес) жыйынтыктары боюнча алардын көлөмү чынында эле 177 млн. долларго жакын өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 48,9 пайызга көбөйдү.

Кайрылуунун корутундусу катары Улутстатком, алар мамлекеттик саясаттын өзөгү жана мамлекеттик экономиканы башкаруунун негизи болуп саналган эл аралык стандарттарга жана методологияларга ылайык иштелип чыга турган статистикалык маалыматтарды туура түшүнүүгө жана талкуулоого чакырат.


Акыркы жаңылоо: 29.07.2019, 17:10