Улуттукстатком Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн жүрүшү боюнча тегерек стол өткөрдү

Басылмалардын датасы: 05.03.2020


 

Кечээ, 2020 жылдын 4 мартында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүнүн жүрүшү жөнүндө Улуттук ыктыярдуу обзордогу «Мониторинг жана баалоо» бөлумүн кароо максатында тегерек стол өткөрдү.  Улуттук ыктыярдуу обзорго, улуттук платформанын мониторингине жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн отчеттуулугуна даярдоо боюнча республикада жүргүзүлгөн иштер жөнүндө иш-чаранын жүрүшүндө маалымат берилген.

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жүрүшү жөнүндө Улуттук ыктыярдуу обзор боюнча доклад менен Кыргыз Республикасынын Экономика министирлигинин бөлүмдүн башчысы А. Аманова сүйлөдү.

Андан кийин Улуттукстаткомдун Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнүн статистикасынын башкармалыгынын жетекчиси Назира Керималиева Улуттук мониторинг жүргүзүүнүн жана отчеттуулуктун системасын Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүн айтып берди. Ал бул жылы Кыргыз Республикасы Жогорку деңгээлдеги Форумга өзүнүн биринчи Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүнүн жүрүшү жөнүндө ыктыярдуу обзорун тартуулай турганын баса белгиледи. Биздин өлкө үчүн Обзордун мааниси чоң – бул өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча ишке ашыруудагы прогрессти көрсөтүү мүмкүнчүлүгү, негизги чакырыктарды басым жасоо, тышкы өнөктөштөрдүн баасын алууга, ошондой эле башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышууга өбөлгө түзөт.

Улуттукстаткомдун эң башкы максаты - бийлик органдары жана мамлекеттик башкаруу органдарын натыйжалуу жана сапаттуу маалыматтык статистика менен камсыз кылуу, жалпы улуттук жана мамлекеттик программалардын экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн мониторингин жүргүзүү, мамлекеттер аралык жана эл аралык экономикалык-статистикалык маалыматтар менен алмашуу боюнча милдеттемелерди аткаруу, статистика жаатындагы керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө мамлекеттик маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкын системасын түзүү болуп саналат.

Тегерек стөлгө мамлекетттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, илимий тармактын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

 

___________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнүн статистикасынын башкармалыгы |e-mail: nazira.kerimalieva@gmail.com;

|тел. + 996 (312) 324691

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 05.03.2020, 17:02