Улутстатком статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы боюнча семинар өткөрөт

Басылмалардын датасы: 12.10.2018


2018-жылдын 15-16 октябрында, Жалал - Абад шаарында Улуттук статистика комитети “Статистикалык интеллектуалдык потенциалды күчөтүү” 4-компоненттин чегинде “Статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” Дүнөлүк банктын долбоорунун компоненттерин ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча улуттук статистикалык системанын потенциалын күчөтүү” темасында эки күндүк семинар өткөрөт.

Семинардын ишинде Улутстаткомдун жетекчилиги, эл аралык эксперттер, борбордук аппараттын жооптуу кызматкерлери, аймактык мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилери жана адистери катышышат.

Семинардын жүрүшүндө, статистикалык интеллектуалдык потенциалды күчөтүү, адистерди башкаруунун бирдиктүү маалымат системасын киргизүү, ошондой эле, адам ресурстарын башкаруу боюнча практикалык иш жүргүзүү маселелери каралат.


Акыркы жаңылоо: 12.10.2018, 13:00