Улуттук статком “Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалы жөнүндөгү мамлекеттик жана административдик (мекемелик) статистиканын анализи” темасында тегерек үстөл өткөрдү

Басылмалардын датасы: 22.11.2019


Бүгүн 22-ноябрда КР Улуттук статкомунда БУУнун Кыргызстандагы калкты жайгаштыруу фондунун жана “Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун” колдоосу менен, “Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалы жөнүндөгү мамлекеттик жана административдик (мекемелик) статистиканын анализи” темасында тегерек үстөл өттү. Анын ишине  министрликтер менен мекемелердин, жогорку окуу жайларынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чаранын максаты жаштардын абалы жөнүндөгү административдик (мекемелик) статистиканын көрсөткүчтөрүн анализдөөнүн жыйынтыгын презентациялоо болуп саналат. Жыйынтык “2017-2020-жылдардагы жаштар саясатын өнүктүрүү” программасын жана 5.3 Максатын, Кыргыз Республикасында 2018-2020-жылдардагы гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук пландын иш аракетинин “Улуттук гендердик статистиканы стандартташтыруу жана көрсөткүчтөрдү эл аралык милдеттенмелерге гармониялаштыруу” иш-чараларын ишке ашыруу алкагында мекемелер аралык жумушчу тобу тарабынан аткарылган.

Жумушчу топтун ишмердүүлүгү жаштардын абалы жөнүндөгү статистикалык маалыматтар боюнча колдонуучулардын кеңири чөйрөсүн аныктоо, Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын “жаштар” индикаторлорунун статистикалык отчеттуулугунун жакшыртылган формасын киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирүүгө багытталган.

Мындан тышкары, тегерек үстөлдүн учурунда Улуттук статкомдун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Башкы прокуратура кызматкерлеринин презентациялары көрсөтүлдү.

___________________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү                 |тел. + 996 (312)  32-46-36

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 22.11.2019, 16:13