Улутстатком мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери үчүн окуу семинарын өткөрдү

Басылмалардын датасы: 09.03.2020


Статисткалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн ушул жылдын 6-мартында Улутстаткомдо экономика Министрлиги, финансы Министрлиги, инвестицияларды илгерилетүү Агенттиги, Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институнун жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен окуу семинары болуп өттү.

Тренингдин катышуучуларына туруктуу өнүктүрүү Максаттары көрсөткүчтөрү боюнча улуттук мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү, Ички дүң өндүрүмдүүлүктү эсептөөнүн методологиясы, керектөөчүлөрдүн баалар индекси, кедейчиликтин көп кырдуу индекси боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү боюнча баалоо жана мониторинг системасын түзүү маселеси каралды.

Окутуунун жүрүшүндө жогоруда аталган темаларды талкуулоого убакыт берилди.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасында 23-марттан 1-апрелге чейин боло турган эл жана турак жайды каттоого даярдык тууралуу маалымат алышты.

Кыргыз Республикасынын Улутстаткому жергиликтүү өз алдында башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттиги менен биргеликте жүргүзүп жаткан “Санарип Аймак” автоматташтырылган маалымат системасы чоң кызыгууну жаратты.

Мамлекеттик органдардын жигердүү катышуусунан кийин мындай окууларды маал-маалы менен өткөрүп туруу пландалууда.

Презентациялар: 

Статистика цен в Кыргызской Республике: Индекс потребительских цен, как показатель инфляции в потребительском секторе

Валовый внутренний продукт - конечный результат экономической деятельности

Построение системы мониторинга и оценки развития регионов

Национальная система мониторинга и отчётности Целей устойчивого развития в Кыргызской Республики

 


 


Акыркы жаңылоо: 18.03.2020, 15:49