Улутстатком мамстатистиканын райондук бөлүмдөрү үчүн онлайн-семинар өткөрдү

Басылмалардын датасы: 20.12.2018


 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасындагы БУУ Өнүктүрүү Программасынын GoAL WaSH долбоорун колдоо боюнча «Айыл жергесинде борборлоштурулган суу менен камсыздоо жөнүндө» №-1 Иче турган суу мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун формасы боюнча райондук бөлүмдөрдүн өкүлдөрү үчүн биринчи жолу окутуу онлайн-семинарын өткөрдү.     

Семинардын максаты №-1 Иче турган суу формасы боюнча сапаттуу, өз убагында, толук жана ишенимдүү маалыматтарды даярдоодо түздөн түз респонденттер менен иштей турган жактар катары мамлекеттик статистика адистеринин потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө форманын көрсөткүчтөрү, аны толтуруу учурунда жарала турган негизги көйгөйлөр каралды, ошондой эле катышуучулар менен практикалык иш өткөрүлдү.  


Акыркы жаңылоо: 17.04.2019, 17:16