2020-жылы электрондук форматта өтө турган эл жана турак жай фондун каттоо боюнча семинар өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 15.10.2019


“Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун электрондук форматта каттоого даярдык көрүү” темасындагы окутуу семинары Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн өтүп жатат. Бул семинар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 14-октябрдан 18-октябрга чейин Ош шаарында өтөт.

Семинарда электрондук суроолор жыйнагынын мазмуну, мобилдик тиркемеде суроолор жыйнагынын каттоо ирети жана 2019- жылы Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда өткөн пилоттук эл жана турак жай фондун каттоонун натыйжалары каралат.


Акыркы жаңылоо: 15.10.2019, 16:50