Улутстатком социалдык статистика боюнча семинар өткөрүүдө

Басылмалардын датасы: 20.04.2018


«Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштетүү» долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банк тарабынан каржылана турган, «Статистикалык интеллектуалдык потенциалды күчөтүүнүн» 3-компоненти боюнча 2018-жылдын 19-20-апрелинде  социалдык статистиканын тармактарында маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу боюнча окутуу жүргүзүлүп жатат. Семинар  «Социалдык статистика маселелери боюнча окутуу семинары» темасында облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик статистика башкармалыктарынын социалдык статистика боюнча маалыматтарды топтоо менен иштеген кызматчылар үчүн өткөрүлүп жатат.

Семинарда билим берүү жана илим статистикасы, турак жай фонду статистикасы, зомбулук статистикасы, саламатттыкты сактоо жана травматизм статистикасы, маданият, дене тарбия жана спорт статистикасы боюнча маалыматтардын  методологиялык негиздери, талдоосу жана жайылтылышы боюнча маалыматтар берилет. Ошондой эле,  КЭОИге киргизилген акыркы өзгөртүүлөр, отчеттуулук формалары боюнча чарбалык субъекттердин каталогун түзүү, жана маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн программалык камсыздоолорду колдонуу көйгөйлөрү боюнча маселелер талкууланат.  Ушул семинардын алкагында алган билимдерди өздөштүрүү үчүн каталарды табуу боюнча практикалык сабактар да өткөрүлөт.


Акыркы жаңылоо: 20.04.2018, 09:50