Улуттук статистика комитети кылмыштуулук статистикасы боюнча семинар өткөрүп жатат

Басылмалардын датасы: 21.06.2017


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук  башкармалыгынын колдоосунда, ушул жылдын 20-21 инюнунда Бишкек шаарында “Кылмыштуулук статистикасы: өнүгүүнүн тенденциялары жана перспективалары” темасында семинар өткөрүп жатат. Бул иш-чарага ведомствалык гендердик саясаттык  жүргүзүүчү жооптуу мамлекеттик уюмдар жана кылмыштуулук чөйрөсүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу жана анализдөө боюнча адистер, ошондой эле гендердик зомбулук жана адам сатуу суроолору боюнча эл аралык жана улуттук эксперттер келип катышууда.

Семинардын негизги максаты стратегиялык программаларга ылайык жана улуттук мыйзамдардын аткарылышынын чегинде кылмыштуулук боюнча статистикалык отчетторду жакшыртуу суроолору коюлду, ошондой эле эң мыкты эл аралык практикаларды пайдалануу жана ушул чөйрөдөгү эл аралык принциптеги маалыматты классификациялоону киргизүү, анын ичинде гендердик зомбулук жана адам сатууга окшогон ушундай кылмыштын түрлөрүн.

 Иш-чаранын жүрүшүндө республикадагы кылмыштуулук  боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу маселелери каралат.

Семинардын программасында укук коргоо уюмдарынын (ИИМ, Башкы прокуратура, Жогорку сот, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) жана Саламатыкты сактоо министирлигинин өкүлдөрүнүн  кылмыштуулук боюнча учурдагы алардын ведомстволорунда статистикалык маалыматтарды чогултуу системаларын чагылдырган (анын ичинде гендердик зомбулук жана адам сатуу) презентациялары каралат.

Семинардын жүрүшүндө ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын (ТӨМ)  улуттук системалык мониторингин түзүү процессине тиешелүү маселелерди талкуулоо, ТӨМдүн  көрсөткүчтөрүн инвентаризациялоо боюнча ИИМдин  жумушчу топунун ишинин жыйынтыктары көрсөтүлөт.


Акыркы жаңылоо: 22.06.2017, 11:21