Улутстатком «Расмий статистиканын сапаты: талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү» Эл аралык семинарына катышууда

Басылмалардын датасы: 14.09.2017


Евростат тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия (ЧЕКБА) жана Монголия өлкөлөрү үчүн уюштурулган жогорку деңгээлдеги семинар Минск ш. өтөт. Семинардын темасы: - «Расмий статистиканын сапаты: талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү»

Семинарга ошондой эле Армения, Азербайджан, Грузия, Казахстан, Молдова, Монголия, Таджикистан, Украина, Өзбекстан, Беларуссия, Германия, Италия, Литва, Люксембург, Польша, Франция, Швейцария жана Евростаттын статистикалык кызматттарынын өкүлдөрү катышат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар акыркы жылдары Европанын статистикалык системасында  болуп өткөн сапат чөйрөсүндөгү акыркы өзгөрүүлөр, ошондой эле ЧЕКБА өлкөлөрүндө жакында өткөрүлгөн глобалдык сапатты  баалоонун жыйынтыктары менен таанышышат. Ошондой эле мурда өткөрүлгөн глобалдык баалоолордун учурунда иштелип чыккан сунуштарды ЧЕКБА өлкөлөрү тарабынан аткаруу мониторингинин жыйынтыктары берилет.

Семинардын алкагында бир катар сессиялар пландаштырылган, ал жерде туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө өнүгүү мониторинги үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды берүү, административдик маалыматтар булагын колдонуу, аларды колдонуунун пайдалары жана кемчиликтери, ушул булактардын сапатын баалоо жана жакшыртуу, улуттук статистика системаларын координациялоо, расмий статистиканын баалуулуктарынын маселелери каралат. Мындан тышкары, семинардын катышуучулары ЧЕКБА өлкөлөрү менен Евростаттын өз ара аракеттери, статистикалык кызматташтыктын жаңы регионалдык Программасын, Европанын коңшулаштык саясатын (ЕКС) жана 2020-жылга чейин Чыгыш өнөктөштүгү маселелерин талкуулашат.

 


Акыркы жаңылоо: 14.09.2017, 17:50