Улутстатком 2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумунун (УЭТ-2008) эл аралык стандартына ылайык ИДПнын эсептөөлөрүнүн негизги өзгөртүүлөрүнө өтүү боюнча иштерди аяктады

Басылмалардын датасы: 31.05.2023


2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумунун (УЭТ-2008) эл аралык стандартына ылайык ички дүң продуктунун (ИДП) эсептөөлөрүнүн негизги өзгөртүүлөрүнө өтүү боюнча иштер аяктады.

Улутстаткомдо “2019-2022-жылдардагы ИДПнын көрсөткүчтөрүн 2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык жаңылоо тууралуу” аттуу тегерек стол болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев, КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч. Сейитов, Улутстаткомдун жетекчилиги, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

«2008-жылдын Улуттук эсептер тутумунун эл аралык стандартына өтүү рационалдуу экономикалык чечимдерди кабыл алуу жана өнүктүрүүнүн натыйжалуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн негиз боло турган так жана салыштырылуучу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз», деп Улуттук статистика комитетинин төрагасы  Б.Кудайбергенов белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык эксперттин УЭТ-2008ди башка өлкөлөргө жайылтуу жөнүндө презентациясы сунушталды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир нече жылдардагы ИДПсын кайра эсептөөнүн жыйынтыктары жана өзгөртүүлөрдүн себептери толук түшүндүрүлдү.

УЭТ-2008 стандарттары боюнча негизги өзгөртүүлөргө өтүү боюнча иштер 2017-жылдын июнь айында башталган жана азыркы учурда Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык тутумду модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында аяктады.

Ошону менен бирге иш процессинде колдонулуучу таблицалардын шаблондору толугу менен өзгөртүлдү жана ИДПнын 2019-2022-жылдардагы иштердин түрлөрү боюнча жылдык маалыматтары (учурдагы жана салыштырма бааларда) УЭТ-2008дин стандарттарына ылайык түзүлдү. 

Ошондой эле жаңы стандарттарга ылайык, ИДПнын айлар боюнча көрсөткүчтөрүн өндүрүш ыкмасы менен кайра эсептөөнү аягына чыгаруу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, ички дүң продукт өлкөдө экономиканын бардык тармактарында өндүрүлгөн жана акыркы керектөө, топтоо жана экспорттоо үчүн арналган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын мүнөздөйт. Улутстатком улуттук эсептер тутумунун негизги иштеп чыгуучусу болуп саналат, ал эсептелине турган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, ошондой эле маалыматтардын эл аралык деңгээлде салыштырылышын камсыздайт.


Акыркы жаңылоо: 31.05.2023, 14:15