Улутстатком 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча инструктор – контролерлор үчүн окутуу семинарынын экинчи этабын өткөрдү

Басылмалардын датасы: 09.03.2020


Эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында, Улутстатком жана анын аймактык бөлүмдөрү үстүбүздөгү жылдын 5-мартынан 9-мартына чейин убактылуу персонал үчүн окутуучу семинарлардын серияларынын экинчи этабы өткөрдү. Ошону менен бирге, жалпы республика боюнча каттоо иштерине тартылган 2,5 миңден ашык инструктор – контролерлор окууну аяктады.

Семинарлардын жүрүшүндө инструктор – контролерлордун милдеттери, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо барактарынын мазмуну жана аларды толтуруунун тартиби, ошондой эле инструктор – контролердун электрондук жеке бөлмөсү менен иштегенди деталдуу түрдө үйрөнүштү.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылууга болот:Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 09.03.2020, 16:14