Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан «Статистика карталарда» атайын китепче даярдалган

Басылмалардын датасы: 04.12.2019


 

Статистикалык маалыматтарды колдонуучуларга ынгайлуу түрдө сунуш кылуу максатында, ошондой эле заманбап визуалдаштыруу куралдары менен статистикалык маалыматтарды таркатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан «Статистика  карталарда» атайын китепче даярдалган.

Бул китепче, атап айтканда калк, эмгек, жакырчылык, айыл-чарба, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана башкалар боюнча социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган тематикалык карталарды сунуш кылат.

Китепче статистикалык маалыматтарды пайдалануу менен тематикалык карталарды даярдоо үчүн QGIS куралды колдонуу боюнча окутуучу курстардан өткөн  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери тарабынан даярдалган. Бул окутуучу курс, статистика тармагындагы кыргыз-норвеж кызматташтыгынын алкагында Норвегия борбордук статистика бюросунун консультанты тарабынан уюштурулган.

Бул китепчени сатып алууну каалагандар, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маркетинг кызматына кайрыла алышат, тел:  + 996 (312) 324703.

Тагыраак маалыматты Улуттук статистика комитетинин сайтындагы «Басылмалар / Статистика карталарда» бөлүмүнөн көрсөңүздөр болот.


Акыркы жаңылоо: 04.12.2019, 10:23