Эл каттоо боюнча эң көп бериле турган суроолор

Басылмалардын датасы: 27.12.2019


. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын саны канча?

2019-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 6,39 миллион адамды түзгөн.

  Эл каттоо акыркы жолу качан өткөрүлгөн?

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан кийин Биринчи эл жана турак жай фондун улуттук каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө 4,8 миллион адам катталган. 2009-жылы өткөрүлгөн Экинчи жолку эл жана турак жай фондун улуттук каттоодо 5,3 миллион адам каттоодон өткөн.  

Алдыда боло турган эл жана турак-жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүлөт, ал эми республиканын алыскы аймактарында 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөт.


Акыркы жаңылоо: 27.12.2019, 14:05