Педагог кесибине студенттер арасында суроо талап жогору бойдон калууда

Басылмалардын датасы: 22.02.2021


2020/2021- окуу жылынын башынына карата республикада 138 орто кесиптик билим берүү мекемеси иш алып барды, анда 96 миңге жакын адам билим алат, алардын жарымынан көбүн (56 пайызын) кыздар түздү.

2020\2021 – окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшыргандардын арасында эң популярдуу адистиктер билим берүү болуп саналды, жалпы кабыл алынгандардын 26%, саламаттыкты сактоого – 18%, экономика жана менеджмент – 14%, техникалык адаистиктерге – 13%  кабыл алынды.

2016\2017 – окуу жылына салыштырмалуу кабыл алынгандардын санынын эң көп өсүшү информатика жана компьютердик технологиялар (49% ) жана билим берүү (21%)  адистиктеринде байкалган, ал эми айыл чарба жана балык чарбасы 2 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 17%   кыскарган.

Адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынган студенттердин санын бөлүштүрүү

                                  (окуу жылынын башына карата, адам)

2020\2021- окуу жылынын башында республикада 57 жогорку кесиптик окуу жайлары (ЖКОЖ) иштеди, аларда 214 миңден ашык адам окуйт, анда окугандардын жарымынан көбү (52 пайызы) кыздардын үлүшүнө туура келет.

Жогорку кесиптик окуу жайларынын студентеринин арасында абдан көп суроо талап болгон жак, бул педагогикалык илимдер –кабыл алынгандардын жалпы санынын 24%, гуманитардык жана социалдык адистиги боюнча - 23%, медициалык - 15%, экономикалык – 12% жана техникалык адистиктер  боюнча – 11% талап кылынат.

2016\2017-жылга салыштырмалуу педагогикалык илимдер адистигине (3,3 эсе), экономикалык (2,7 эсе), медициналык (2,6 эсе), ошондой эле гумманитардык жана социалдык адистиктерине (1,8 эсе) кабыл алынгандардын саны өскөн.

Адистиктер боюнча жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алынган студенттердин санын бөлүштүрүү

                                  (окуу жылынын башына карата, адам)

 

________________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042 Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 22.02.2021, 16:50