2022-жылдын мартында ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли Орусия Федерациясында белгиленди

Басылмалардын датасы: 15.04.2022


Статистикалык кызматтардын маалыматтары боюнча, 2022-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди, муну менен бирге алардын (7,6 пайызга) эң көп өсүүсү Орусия Федерациясында катталды.

ЕЭАБ мүчө-мамлекеттери боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Март
мурунку жылдын февралына карата

Март
мурунку жылдын декабрына карата

Январь-марттагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)

2021

2022

2021

2022

2021

2022

Армения

1,0

1,8

3,8

3,5

1,3

1,2

Беларусия

0,7

6,1

3,8

9,4

1,3

3,0

Казакстан

0,6

3,7

1,9

5,2

0,6

1,7

Кыргызстан

1,1

3,2

3,2

5,0

1,0

1,6

Орусия 

0,7

7,6

2,1

10,0

0,7

3,2

2022-жылдын мартында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 пайызы) Орусия Федерациясында катталган, бул азык-түлүк эмес товарларга (12,9 пайызга) жана азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) - 5,8 пайызга жогорулашынын эсебинен катталды.

Ошол эле мезгилде, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын максималдуу өсүүсү - 8,9 пайызга Беларусь Республикасында катталды.

2022-жылдын мартындагы ЕЭАБ мүчө-мамлекеттердин керектөө секторундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк

товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

 

Мурунку айга карата

Армения

1,8

2,2

1,0

1,7

Беларусия

6,1

4,2

10,8

3,3

Казакстан

3,7

5,8

2,8

1,4

Кыргызстан

3,2

4,4

2,2

0,5

Орусия

7,6

6,7

11,3

4,0

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

3,5

5,8

1,3

2,3

Беларусия

9,4

7,6

12,1

8,9

Казакстан

5,2

8,2

3,6

2,6

Кыргызстан

5,0

6,7

3,3

1,7

Орусия 

10,0

10,0

12,9

6,0

* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.

* Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.

____________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 15-апрели


Акыркы жаңылоо: 15.04.2022, 13:39