Микрокредит алуучулардын эң көп саны Ош облусуна туура келди

Басылмалардын датасы: 23.05.2023


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 11 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 192 миңден ашык адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда дээрлик 27%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 25%га көбөйдү.

I кварталда калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 21%ы) жана Жалал-Абад облустарына (17%га жакын), ошондой эле Бишкек ш. (16%га жакын) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 2 млрд. сому же 18%ы), Ош облусунун (2 млрд. сомго жакын же 18%га жакын), Чүй (1,8 млрд. сом же 16%га жакын) жана Жалал-Абад облустарынын (1,7 млрд. сом же 16%га жакын) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 45%ы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 27%дан ашыгы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12%га жакын, курулушка - 4%ды түздү.

I кварталда калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши
  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.05.2023, 09:48