Кыргыз Республикасындагы илим: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 10.11.2021


Жыл сайын ноябрь айында Кыргызстандын илим күнү белгиленет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген.

Кыргыз илиминин калыптанышы 1943-жылы согуш мезгилиндеги бардык кыйынчылыктарга карабастан СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалы уюшулуп башталган. 1954-жылдын декабрында Фрунзе шаарында филиалдын базасында Кыргыз ССР илимдер академиясы түзүлгөн. Академиянын илимий кызматкерлеринин ошол мезгилдеги саны 203 адамды түзгөн, алардын 12си илимдин доктору, ал эми 83 - илимдин кандидаты.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясына жогорку мамлекеттик илимий мекеме статусун берүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы болуп кайра түзүлгөн.

2020 - жылы академияда илимий ишмердикти 1 283 адам ишке ашырып, алардын ичинен 123 илимдин докторлору жана 258 адам илимдин кандидаттары болушкан. Кызматкерлердин жалпы санынын 51% аялдар түздү.

Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2020-жылы 722 млн.сомду түздү жана 2016-жылга салыштырмалуу 19% га көбөйгөн.

2020–жылы республикада 74 илимий уюм болсо, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө -36%,  илимдин өндүрүштүк секторна – 30% жана академиялык сектор уюмуна – 27% туура келди.

2020-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (68% жакыны) академиялык секторду уюштурууга туура келди.

Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруу менен иштеген адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо 7 миңден ашык адам болгон.

Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 79%  жакынын изилдөөчү-адистер түзөт, алардын 43% илимдин докторлору жана кандидаттары. Мында алардын гендердик катышы жалпысынан 57% ашыгын түзүү менен аялдардын пайдасына түзүлөт.

Республиканын экономикасынын ар кайсы тармактарынын адистерине билим берүү деңгээлин, жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында илимий жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн аспирантура жана докторантура берет.

Аспиранттардын саны 2020-жылы 2,5 миң адамды түздү, алардын эң чоң үлүшү илимдин медициналык (21%), экономикалык (11%), педагогикалык (10%) жана юридикалык (9%) тармагына туура келди. Аспиранттардын жалпы санындагы аялдардын үлүшү 60% түздү. Докторанттардын саны 145 адамды түздү, анын ичинен 69% аялдар.

2020-жылы илимдин тармактары боюнча аспиранттарды бүтүрүп чыгаруу
 ( пайыз менен)

2020-жылы 630 аспиранттар бүтүрүлүп чыгарылган. Алардын эң көп үлүшү медициналык (21%), экономикалык (14%) жана илимдин юридикалык (13%) тармактарына туура келди.

________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: j.rahmanova@stat.kg e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


   


Акыркы жаңылоо: 10.11.2021, 17:25