Кыргыз Республикасындагы илим: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 13.11.2020


Кыргызстандын Илим күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы токтому менен аныкталган жана жыл сайын ноябрда белгиленет.

Кыргыз илиминин калыптанышы, согуш мезгилиндеги бардык кыйынчылыктарга карабастан, 1943-жылы башталган жана СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы уюштурулган. 1954-жылдын декабрында Фрунзе шаарында, филиалдын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясы түзүлгөн.

Академиянын илимий кызматкерлеринин ошол мезгилдеги саны 203 адамды түзгөн, алардын 12си илимдин доктору, ал эми 83 - илимдин кандидаты.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясына жогорку мамлекеттик илимий мекеме статусун берүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы болуп кайра түзүлгөн.

2019 - жылы академияда илимий ишмердикти 1 410 адам ишке ашырып, алардын ичинен 129 илимдин докторлору жана 280 адам илимдин кандидаттары болушкан. Кызматкерлердин жалпы санынын 48 пайызын аялдар түздү.

Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2019-жылы 612 млн.сомду түздү жана 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 12% га көбөйгөн.

2019–жылы республикада 73 илимий уюм, анын ичинен 35 илимдин өндүрүштүк сектору, 31 - жогорку билим берүү сектору жана  29- академиялык сектор уюму иш жүргүзгөн.

2019-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (64% дан ашуун) академиялык секторду уюштурууга туура келди.

Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруу менен иштеген адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо, 2019-жылы 6 миңден ашык адам болгон.

Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 78% изилдөөчү-адистер түзөт, алардын жарымынан көбү илимдин докторлору жана кандидаттары. Мында алардын гендердик катышы жалпысынан 56 пайызды түзүү менен аялдардын пайдасына түзүлөт.

Республиканын экономикасынын ар кайсы тармактарынын адистерине билим берүү деңгээлин, жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында илимий жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн аспирантура жана докторантура берет.

Аспиранттардын саны 2019-жылы 2,5 миң адамды түздү, алардын эң чоң үлүшү илимдин медициналык (22%), экономикалык (12%), техникалык жана юридикалык (10%) тармагына туура келди. Аспиранттардын жалпы санындагы аялдардын үлүшү болжол менен 59 пайызды түздү.

2019-жылы илимдин тармактары боюнча аспиранттарды бүтүрүп чыгаруу

 ( пайыз менен)

2019-жылы 450 дөн ашуун аспиранттар бүтүрүлүп чыгарылган. Алардын эң көп үлүшү медициналык (20 пайыз), экономикалык (14 пайыз) жана илимдин юридикалык (13 пайыз) тармактарына туура келди.

 

_____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: j.rahmanova@stat.kg e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 13.11.2020, 10:43