Соода каттоосун жүргүзүү жөнүндө

Басылмалардын датасы: 01.10.2015


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-октябрындагы №606 токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына ылайык Улутстатком тарабынан 2015-жылдын 1-октябрынан 20-октябрына чейин республиканын бардык аймактарында соода ишканаларынын, мейманкана чарбачылыгынын, автомобилдерди техникалык жактан тейлөө жана оңдоо ишканаларынын каттоолорун жүргүзүү пландалып жатат. Бул каттоолорду жүргүзүүнүн негизги максаты иштеп жаткан субъекттердин саны, сатуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрү жөнүндө ишенимдүү статистикалык маалыматтарды алуу болуп саналат. Бул максаттарда мамлекеттик статистиканын аймактык органдары үчүн окутуучу семинарлар өткөрүлдү.

            Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнундө» Мыйзамына ылайык каттоолор бланкындагы жазмалар купуялуу болуп саналат жана жыйынтыкталган түрдө статистикалык максаттар үчүн гана пайдаланылат. Каттоолорго тартылган кызматкерлерге каттоо бланкынын жоопторунун мазмунун кимге болбосун маалымдоого тыюу салынат.

____________________________________________________________________________________________________________

Керектоо рыногу статистика башкармалыгы   I  e-mail:e.mambetalieva@stat.kg    |    тел. + 996 (312) 324650

                                                                

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 01.10.2015, 14:34