Жалпы билим берүү уюмдары: окуучулардын мектепке келбегендигинин себептери

Басылмалардын датасы: 05.10.2020


 

2019/2020- окуу жылынын башталышына карата республикада 2 283 күндүзгү жалпы билим берүү уюмдары иштеген, ал эми алардагы окуучулардын саны 1,3 млн. адамды түзгөн.

 Балдардын жана жаштардын арасында мектепке баруу деңгээлине токтолсок, жалпы республика боюнча ал бир кыйла жогору бойдон калууда. Бирок 2019/2020- окуу жылынын башында 3 миңге жакын окуучу мектептерге сабактарга киришкен эмес, алардын 42 пайыздан ашыгын 11-15 жаш курактагы балдар түзгөн.

2019/2020- окуу жылынын башына карата сабакка киришпеген балдардын жалпы санынын ичинен жарымынан көбү, же 1,5 миңи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, алардын арасында болжол менен 69 пайызга жакыны акыл эсинин өнүгүүсү жетишпеген жана 25 пайызы - дене боюнун өнүгүүсүндөгү кемчиликтери бар балдар. Алардын көпчүлүгү (70 пайыздан ашыгы) айыл жерлеринде жашайт. Мектепке барбагандыгынын негизги себептеринин бири болуп мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген мектептердин жеткиликсиздиги саналат, анткени мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген мектептердин көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан.  

Сабакка киришпеген балдардын эң көп үлүшү (0,5 пайызы) Нарын облусуна туура келет. Бул ушул мезгилдерде балдар мал багууга ата-энелерине жардам берүү менен алар жайыттарда болгондугу жана алардын көпчүлүгү сабакка октябрда же ноябрда гана киришээри менен шартталган.

Мындан тышкары, дээрлик 900 бала же алардын үчтөн бири үчүн мектептерге сабакка келбей калышынын себептеринин бири болуп алардын үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктары (бут кийимдин, кийимдин жана мектепке керектүү буюмдардын жоктугу), ошондой эле үй-бүлөлүк жагдайлары кыйын же жайсыз үй-бүлөлөр саналат. Балдардын мектепке барбай калуусунун дагы бир маанилүү себеби анын иштеп жаткан жумушу болуп саналат. Мында сабакка киришпеген балдардын жалпы санындагы алардын үлүшү 8 пайыздан ашыгын  түздү.

_____________________________________________________________________

Социалдык статистика            e-mail: rakhmanovazz@mail.ru

бөлүмү                                       e-mail: social-nsc@mail.ru              тел.+996(312) 664042

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 05.10.2020, 15:09