Жеңил өнөр жай статистикасынын маселелери талкууланды

Басылмалардын датасы: 27.09.2019


Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жерди пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын «Легпром» жеңил өнөр жай ишканаларынын  ассоциациясынын, жөнөтүүчүлөр (поставщиктер), өндүрүшчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын өкүлдөрү жана башкалар менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жайы боюнча маалыматтарды жыйноону эсепке алууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Жыйынга катышуучулар текстиль жана тигүү продукцияларын өндүрүү боюнча иш алып барган жеке ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн эсепке алууга байланыштуу ар бир тарап өз пикирин билдирди, маселелер айтылды. 

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү e- mail:a.mamanova@stat.kg тел. + 996 (312) 664044

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренеси).

 

 

     


Акыркы жаңылоо: 30.09.2019, 10:57