Улуттук статистика системасын колдоо маселелери талкууланды

Басылмалардын датасы: 16.11.2018


2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтар» темасында сүйлөшүү (диалог) болуп өттү. Бул иш-чара «Статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын колдоосунун алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулду.   

Бул иш-чаранын максаты, пайдалануучулардын керектөөлөрүн натыйжалуу жана өз убагында канааттандыруу үчүн институционалдык чөйрөнү кайра уюштуруу, статистиканын бардык тармактары боюнча статистикалык маалыматтарды түзүү процесстерин интеграциялоо жана модернизациялоо боюнча анын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык системасын колдоо, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан жүргүзүлө турган иш-чаралардын кайталануусун жокко чыгаруу жана аны гармониялаштыруу боюнча маселелерди талкуулоо үчүн платформа куруудан турду.     

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөтүнүн Аппаратынын, Жогорку Кеңешинин,  министрликтеринин жана ведомстволорунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.   

Талкуунун катышуучуларына статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, «Расмий статистика, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын мониторинги жана отчёттуулук системасын ишке киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын ишке киргизүү жөнүндө маалымат, Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун кезектеги раундун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү, ошондой эле Улутстаткомдун ИТ инфраструктурасынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат берилди.  

Жалпысынан тегерек столдун иши ийгиликтүү өттү, катышуучулардын сунуштарынын жана каалоо-тилектеринин изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча  резолюция толтурулат.


Акыркы жаңылоо: 19.12.2018, 15:26