«Чогултуу, иштеп чыгуу жана көрсөтүлгөн статмаалыматтын сапаты» темасындагы окутуучу семинар жөнүндө

Басылмалардын датасы: 09.10.2019


Кыргыз Республикасынын Улутстаткому 2019-ж. 8-9-октябрында Ош шаарында Эл аралык Эмгек уюмунун колдоосу менен «Кризисти жеңүү, татыктуу жана коопсуз эмгекти камсыз кылуу» долбоорду ишке ашыруунун алкагында, Баткен, Жалал-Абад жана Ош областарынын мамлекеттик статистика башкармалыгынын, ошондой эле Ош шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыгынын адистерине, супервайзерлерине жана интервьюерлерине эки күндүк «Чогултуу, иштеп чыгуу жана көрсөтүлгөн статмаалыматтын сапаты» (үй чарбаларынын жана жумушчу күчтөрүнүн бюджеттеринин интеграциялык тандалма изилдөөсүнун «Жумуштуулук жана жумушсуздук» модулу) темасындагы окутуучу семинар өткөрүп жатат.

Семинардын максаты 19 – Эл аралык эмгек статистиктер конференциясынын Резолюциясына ылайык, эмгек ишмердиктин, иш менен камсыз болуу жана жумушсуздуктун жаңы стандарттарын ишке киргизүү, эмгек статистика боюнча чогулган маалыматтын сапатын жакшыртуу, интервьюерлерди жана супервайзерлерди жаңыртылган анкетаны планшетти колдонуу менен тестирлөө жүргүзүнү окутуу.

 

 

 

 

 

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү                                                  | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.10.2019, 17:02