2018-жылдын чакан жана орто ишкердик ишмердигине сереп

Басылмалардын датасы: 03.07.2019


2018-жылы Кыргыз Республикасынын аймактарында 15,3 миң ишкана иш жүргүздү, анын ичинен 14,5 миңи - чакан ишканалар, 0,8 миңи - орто ишканалар. Учурда иштеп жаткан чакан жана орто ишканалардын 67,2 пайызы өз ишмердиктерин Бишкек ш. жүргүзүштү.

2019-жылдын 1-январына карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 401,7 миң бирдикти түздү, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу алардын саны 3,1 пайызга өстү. 

2018-жылы чакан жана орто ишканаларында иштегендердин саны 91,0 миң адамды түздү.

2018-жылдын алдын ала маалыматтын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкерлик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын үлүшүнүн көлөмү 231,3 млрд. сом өлчөмүндө түзүлгөн (ИДПга карата 41,5 пайыз), 2017-жылдын көлөмүнөн 0,3 пайыздык пунктка көбүрөөк (218,6 млрд. сом же ИДПга карата 41,2 пайыз). Кошумча дүң наркынын көлөмүнүн үлүшүнүн көбөйүнүн себеби курулушта 0,5 пайыздык пунктка, дүң жана чекене соода тармакта дүң чыгаруу жана транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо 0,3 пайыздык пунктка жогору болду, тийиштүүлүгүнө жараша.

2018-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 55,6 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылга караганда 9,8 пайызга көп. Ошол эле учурда өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү алардын салыштырма салмагы 22,2 пайызды (2017-жылы - 21,4 пайыз) түздү.

Чакан ишканалар тарабынан өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү анын Баткен, Нарын, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы өсүшүнүн эсебинен камсыздалды. Ошондой эле, орто ишканалар тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында жогорулады. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 2017-жылга салыштырганда республиканын бардык региондорунда көбөйдү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2018-жылы 2017-жылга салыштырганда 11,9 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге чакан ишканаларда жана жеке ишкерлерде иштердин көлөмүнүн өсүүсү байкалган, ошол эле убакта орто ишканаларда ал тескерисинче төмөндөдү.

Бишкек шаарынан, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунан сырткары бардык региондордо подряддык иштердин жалпы көлөмү чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан аткарылган.

Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоосунун көлөмү 2018-жылдын январь-декабрында 440,6 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 2017-жылдын январь-декабрына караганда 1,6 пайызга көп. Чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшү анын республика боюнча жалпы көлөмүндө 79,0 пайызды түздү, анын ичинен негизги үлүш (47,9 пайызы) жеке ишкерлерге туура келди. Чакан ишканалардын үлүшү республика боюнча соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 20,5 пайызын, орто ишканалар - 10,6 пайызын түзгөн.

2018-жылдын январь-декабрында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 23,1 млрд. сомду түздү. Ошону менен бирге жеке ишкерлер көрсөткөн кызматтардын үлүшү алардын жалпы көлөмүнүн 91,7 пайызын, чакан ишканалар - 1,8 пайызын, орто ишканалар - 3,5 пайызын түздү.

Таблица: Чакан жана орто ишкердик ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү
(млрд. сом)

 

2014

2015

2016

2017

2018*

Чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан жүргүзүлгөн кошумча дүң нарктын көлөмү

161,3

173,3

186,6

218,6

231,3

Чакан ишканалар

27,6

30,1

35,9

35,4

36,8

Орто ишканалар

15,7

16,7

18,9

20,4

21,9

Дыйкан (фермер) чарбалар

34,0

38,6

35,8

39,0

38,3

Жеке ишкерлер

84,0

87,8

96,0

123,8

134,3

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү

39,9

39,4

41,4

50,6

55,6

Чакан ишканалар

15,8

15,3

16,2

20,1

21,1

Орто ишканалар

14,3

13,3

14,2

15,6

17,9

Жеке ишкерлер

9,8

10,8

11,1

14,9

16,6

Өз күчү менен аткарылган подряддык иштердин көлөмү

35,6

45,3

65,1

66,1

74,4

Чакан ишканалар

9,9

14,7

26,1

24,0

26,3

Орто ишканалар

5,5

6,5

6,7

7,5

7,4

Жеке ишкерлер

20,1

24,1

32,4

34,6

40,8

Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү

342,5

365,3

387,2

424,3

440,6

Чакан ишканалар

126,7

109,5

115,1

119,7

114,3

Орто ишканалар

40,0

37,0

50,4

55,1

59,4

Жеке ишкерлер

175,9

218,8

221,7

249,5

266,9

Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердигинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү

16,7

19,1

20,1

21,8

23,1

Чакан ишканалар

6,9

0,4

0,4

0,6

0,4

Орто ишканалар

0,5

0,5

0,5

0,6

0,8

Жеке ишкерлер

9,3

18,1

19,2

20,6

21,8

Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү

120,6

122,1

121,2

128,7

126,4

Дыйкан (фермер) чарбалар

117,7

119,0

118,2

125,8

123,6

Чакан ишканалар

1,3

1,3

1,4

1,3

1,3

Орто ишканалар

1,6

1,8

1,7

1,7

1,6

* Данные за 2018 год являются предварительными.

Айыл чарбасында, дыйкан (фермер) чарбаларын кошкондо, ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2018-жылда 126,4 млрд. сомго продукция өндүрүлгөн, бул өткөн жылга  караганда 0,8 пайызга аз.

Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндөгү 60,6 пайызы дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияларга туура келген. Жеке ишкерлерди кошкондо, дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукциялардын жалпы көлөмүнүн ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларынын үлүшүнө 60,5 пайызы, мал чарба продукцияларынын үлүшүнө - 39,5 пайызы туура келди.

2018-жылы өткөн жылга салыштырганда айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүүсү өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүнүн көбөйүшү менен шартталды.

2018-жылы чакан жана орто ишканалар тарабынан (дыйкан (фермер) чарбаларын жана жеке ишкерлерди кошпогондо) 124,4 млрд. сом продукцияларды (товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн пайда (дүң киреше) алынган, ал эми экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын пайдасынын көлөмүндөгү алардын үлүшү 29,5 пайызды түздү.

Түшкөн пайданын негизги көлөмү (76,1 млрд. сому же түшкөн пайданын жалпы көлөмүнүн 61,2 пайызы) Бишкек шаарынын чакан жана орто ишканалары тарабынан алынган.

2017-жылга салыштырганда түшкөн пайданын көлөмү 5,4 пайызга же 6,4 млрд. сомго көбөйдү, бул чакан ишканалар тарабынан камсыз кылынды.

_____________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                       |тел. + 996 (312)  625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 03.07.2019, 13:46