2019-жылдын 9 айында чакан жана орто ишкердик ишмердигине сереп

Басылмалардын датасы: 04.12.2019


Кыргыз Республикасынын аймактарында 2019-жылдын январь-сентябрында 12 миң ишканалар иштеген, анын ичинен 11,3 миңи - чакан ишканалар, 0,7 миңи - орточо ишканалар. Учурда иштеп жаткан чакан ишканалардын 61 пайыздан көбү өзүнүн ишмердигин Бишкек ш. жүргүзүшөт.

2019-жылдын 1-октябрына карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 409,1 миңди түздү, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу алардын саны 2,8 пайызга өстү. 

2019-жылдын январь-сентябрында чакан жана орто ишканаларында иштегендердин саны 84,0 миң адамды түздү.

2019-жылдын 9 айында чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң наркынын көлөмү 157,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,8 пайызга жогорулады, ал эми ИДП көлөмүндөгү анын үлүшү 39,5 пайызды түздү (2018-жылы - ИДПга карата 37,3 пайыз). Кошумча дүң нарктын (КДН) үлүшүнүн өсүшү дүң жана чекене соода - 1,3 пайыздык пунктка, транспорт ишмердигинде жана жүктөрдү сактоодо - 0,4 пайыздык пунктка, курулуш тармагында - 0,3 пайыздык пунктка жана өнөр жай тармагында - 0,2 пайыздык пунктка көбөйүшү байкалды.

2019-жылдын январь-сентябрында чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 40,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 9,9 пайызга көп. Ошол эле учурда өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү алардын салыштырма салмагы 20,8 пайызды (2018-жылдын январь-сентябрында - 22,1 пайыз) түздү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрында 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 15,6 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге орто ишканаларда иштердин көлөмүнүн төмөндөшү байкалган, ошол эле убакта чакан ишканаларда жана жеке ишкерлерде, ал тескерисинче көбөйдү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 2019-жылдын 9 айында 319,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 2018-жылдын январь-сентябрына караганда 4,6 пайызга көп. Чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшү анын республика боюнча жалпы көлөмүндө 90,7 пайызды түздү, анын ичинен негизги үлүш (46,6 пайызы) жеке ишкерлерге туура келди.

2019-жылдын январь-сентябрында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 14,5 млрд. сомду түздү. Ошону менен бирге жеке ишкерлер көрсөткөн кызматтардын үлүшү алардын жалпы көлөмүнүн 70,7 пайызын, чакан ишканалар - 17,6 пайызын, орто ишканалар - 3,0 пайызын түздү.

Январь-сентябрындагы чакан жана орто ишкердик ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү
                 
(млрд. сом)

 

2018

2019

Чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан жүргүзүлгөн кошумча дүң нарктын көлөмү

142,0

157,2

Чакан ишканалар

24,3

26,6

Орто ишканалар

14,9

15,1

Дыйкан (фермердик) чарбалар

29,8

31,5

Жеке ишкерлер

73,0

84,0

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү

37,1

40,8

Чакан ишканалар

14,0

15,6

Орто ишканалар

12,9

13,4

Жеке ишкерлер

10,1

11,7

Өз күчү менен аткарылган подряддык иштердин көлөмү

31,2

36,5

Чакан ишканалар

8,2

11,3

Орто ишканалар

3,4

2,9

Жеке ишкерлер

19,7

22,3

Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү

306,1

319,8

Чакан ишканалар

117,7

121,9

Орто ишканалар

32,4

33,6

Жеке ишкерлер

156,1

164,2

Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердигинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү

13,6

14,5

Чакан ишканалар

2,7

2,8

Орто ишканалар

0,4

0,5

Жеке ишкерлер

10,5

11,3

Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү

99,2

105,0

Дыйкан (фермердик) чарбалар

97,1

102,7

Чакан ишканалар

0,9

1,1

Орто ишканалар

1,2

1,2

Айыл чарбасында, дыйкан (фермердик) чарбаларын кошкондо, ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2019-жылдын январь-сентябрында 105,0 млрд. сомго продукция өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 5,7 пайызга көп.

Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндөгү 61,2 пайызы дыйкан (фермердик) чарбалары өндүргөн продукцияларга туура келген. Жеке ишкерлерди кошкондо, дыйкан (фермердик) чарбалары өндүргөн продукциялардын жалпы көлөмүнүн ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларынын үлүшүнө 63,6 пайызы, мал чарба продукцияларынын үлүшүнө - 36,4 пайызы туура келди.

2019-жылдын январь-сентябрында чакан жана орто ишканалар тарабынан (дыйкан (фермердик) чарбаларын жана жеке ишкерлерди кошпогондо) 90,5 млрд. сом өлчөмүндө продукцияларды (товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн пайда (дүң киреше) алынган, ал эми экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын пайдасынын көлөмүндөгү алардын үлүшү 28,3 пайызды түздү.

Түшкөн пайданын негизги көлөмү (56,0 млрд. сому же түшкөн пайданын жалпы көлөмүнүн 61,9 пайызы) Бишкек шаарынын чакан жана орто ишканалары тарабынан алынган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда түшкөн пайданын көлөмү 11,3 пайызга же 9,2 млрд. сомго көбөйдү, бул чакан ишканалар тарабынан камсыз кылынды.

_____________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                       |тел. + 996 (312)  625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 05.12.2019, 09:33