Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгүнө сереп

Басылмалардын датасы: 08.05.2019


Экономиканын реалдуу секторунда 17 миңден ашык  чарба жүргүзүүчү субъект ишмердик жүргүзөт. Акыркы беш жылдын ичинде рентабелдүү ишканалардын үлүшү орточо эсеп менен алардын жалпы санынын 37 пайызын түздү, ал эми чыгым тарткан ишканалардын үлүшү 26 пайызга жакын.

2015-жылды кошпогондо, акыркы беш жылдын ичиндеги финансылык көрсөткүчтөрдүн талдоосу экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык-чарбалык ишмердиктери рентабелдүү бойдон калганын көрсөттү.

Экономиканын реалдуу секторунун бардык тармактары боюнча сатууларынын рентабелдүүлүгүнүн эң жогорку суммардык деңгээли 2016-жылы 13,4 пайыз өлчөмүндө белгиленген. Акыркы эки жылда рентабелдүүлүктүн көрсөткүчү 2016-жылдын  деңгээлине салыштырганда дээрлик эки эсеге азайып, 7 пайызга жакынды түздү.

Сатуунун рентабелдүүлүгү ишкананын түшкөн акчасында (дүң кирешесинде) теңдемдик пайда кандай үлүштү ээлей тургандыгын чагылдырат, ошондуктан, акыркы эки жылда экономиканын реалдуу секторунун ишканалары түшкөн акчасынын (дүң кирешесинен) бир сомунан тартып орточо эсеп менен 0,07 сом пайда алышты.

Нормативдерге ылайык, 20 пайыздан 30 пайыздык чекке чейинки рентабелдүүлүк деңгээлине ээ ишканалар жогорку рентабелдүүлүк категориясына  кирет. 2017-жылы соода (22,7 пайыз), кыймылсыз мүлк операциялары (21,8 пайыз), финансылык ортомчулук чөйрөлөрүндөгү (20,6 пайыз) жана байланыш тармагындагы ишканалар (20,3 пайыз) жогорку рентабелдүү ишканаларга киришти.

Айыл чарбасы, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат, административдик жана көмөкчү ишмердиктер сыяктуу ишмердиктердин түрлөрүндө рентабелдүүлүктүн орточо деңгээли байкалды, анын белгиси 10 пайыздан 20 пайыздык чекке чейин айланды.

 

Таблица: Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын

экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча рентабелдүүлүгү*

  (пайыз менен)

 

2014

2015

2016

2017

Январь-сентябрь

2018

Бардыгы

1,9

-8,5

13,4

6,7

6,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык

 уулоочулук

5,4

-5,8

12,2

15,6

10,5

Пайдалуу кендерди казуу

-31,1

-102,8

15,6

12,0

-0,6

Иштетүү  өндүрүшү

5,0

0,4

12,4

10,1

7,6

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган

 аба менен камсыздоо

-23,2

-43,4

9,5

-22,6

-4,8

Cуу  менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды
   иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты

  алуу

-4,9

-9,7

0,9

-6,1

1,5

Курулуш

-1,2

-6,3

10,7

3,6

1,2

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
   жана мотоциклдерди оңдоо

16,3

0,5

19,5

22,7

16,6

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

6,5

4,9

14,9

15,3

15,3

Мейманканалар жана ресторандар

-21,1

-24,4

0,0

-7,4

1,9

Маалымат

12,1

15,4

13,1

17,5

12,7

Байланыш

27,3

26,3

19,5

20,3

19,2

Финансылык ортомчулук

-8,7

1,0

25,3

20,6

31,7

Кыймылсыз мүлк операциялары

14,5

-10,9

20,2

21,8

21,5

Кесиптик, илимий жана техникалык

 ишкердик

-112,6

-140,8

15,9

-60,5

-39,0

Административдик жана көмөкчү ишмердик

9,1

6,2

14,5

16,0

15,5

Билим берүү

0,1

5,4

5,0

3,1

5,0

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык

 жактан тейлөө

1,8

-1,3

7,4

4,8

9,6

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

11,2

-3,4

6,6

-3,5

4,6

Башка тейлөө ишмердиктери

9,9

5,0

18,4

22,8

20,0

 *Сатуунун рентабелдүүлүгү теңдемдик пайданын (чыгымдын) ишканалар тарабынан отчеттук мезгилде алынган продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн пайдага (дүң кирешеге) болгон катышы катары эсептелинет.

Курулуш, билим берүү, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө ишканалары сатуунун рентабелдүүлүгү 10 пайыздан төмөнкү деңгээлге ээ рентабелдүүлүгү төмөн ишканалар болуп саналды.

Муну менен катар, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик (геологиялык чалгындоону кошкондо) ишканаларында, мейманкана жана ресторан кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүндөгү уюмдарда, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу уюмдарында сатуунун рентабелдүүлүгүнүн коэффициентинин терс белгилери байкалды, бул алардын ишмердигинин айрым жылдардагы чыгашалуулугун күбөлөндүрөт. Бул тармактардагы ишканалардын терс финансылык көрсөткүчтөрү терс курстук айырма жана кредиттерди төлөөгө карата пайыздар түрүндөгү операциялык эмес ишмердиктен олуттуу чыгымдарды алуунун натыйжасында түзүлдү.

_______________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү                  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                    |тел. + 996 (312)  626073

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 13.05.2019, 13:31