2020-жылдын апрелиндеги социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене бааларынын обзору. ЕАЭБ мамлекеттеринин борбор шаарлары боюнча кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 22.05.2020


Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын апрелинде ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борбор шаарлары менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары, картошканы кошпогондо, Москва шаарында катталды.

Таблица: 2020-жылдын апрелинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

4,53

4,92

5,81

3,60

Койдун эти

4,32

5,71

7,41

-

Ак (каймак) май

3.89

6,39

11,83

7,13

Пастеризацияланган сүт, литр

0,67

0,69

1,06

0,62

Жумуртка, ондук

0.94

0,79

1,06

0,99

Биринчи сорттогу буудай уну

0,53

0,55

0,62

0,49

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,56

0,34

0,85

0,51

Картошка

0,43

0,35

0,36

0,39

           

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл - товардын жоктугу.

2020-жылдын апрелинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен Бишкек шаарында картошкага болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 0,43 АКШ доллары), ал эми Нур-Султан шаарында - минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 0,35 АКШ доллары)  белгиленген. Уй этинин эң төмөн баасы (1 килограмм үчүн 3,60 АКШ доллары), пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,62 АКШ доллары) жана биринчи сорттогу ундун (1 килограмм үчүн 0,49 АКШ доллары) - Минск шаарында байкалды.

График: 2020-жылдын апрелинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары (килограмм үчүн АКШ доллары)

 

 

 

2020-жылдын апрелинде орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Минск шаарында - 7,5 пайызга, уй этине Минск шаарында - 20,5 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында – 39,3 пайызга, Минск шаарында -8,9 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Муну менен бирге, 2020-жылдын апрелинде жумурткага болгон орточо керектөө баалар Бишкек шаарында Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 16,0 пайызга ашты.

Таблица: 2020-жылдын апрелинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

108,6

128,3

79,5

Койдун эти

100

132,2

171,5

-

Ак (каймак) май

100

164,3

304,1

183,3

Пастеризацияланган сүт, литр

100

103,0

158,2

92,5

Жумуртка, ондук

100

84,0

112,8

105,3

Биринчи сорттогу буудай уну

100

103,8

117,0

92,5

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

60,7

151,8

91,1

Картошка

100

81,4

83,7

90,7

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

311,8

618,3

1 379,2

749,9

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

63,5

131,2

216,0

199,5

Койдун эти

66,5

113,0

169,3

-

Ак (каймак) май

74,0

101,0

106,0

100,8

Пастеризацияланган сүт, литр

431,8

935,9

1 185,7

1 154,8

Жумуртка, ондук

305,1

819,6

1 183,1

723,5

Биринчи сорттогу буудай уну

546,5

1 168,4

2 035,5

1 452,8

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

515,2

1 897,4

1 478,5

1 407,4

Картошка

672,9

1 846,8

3 448,7

1 819,7

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2020-ж февралындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. январындагы - Москва ш. боюнча,
2020-ж. 1-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2020-жылдын апрелиндеги Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкек шаарында 700 килограммга чейин картошка же 550 килограммга чейин биринчи сорттогу унду, ал эми Москва шаарында – 5,1 эсеге көп (3 448,7 килограмм картошка) же 3,7 эсеге көп (2 035,5 килограмм унду) сатып алса болот. Минск шаарында бир айлык эмгек акыга 1,5 тонна, ал эми Бишкек шаарында – 2,7 эсеге аз (547 килограмм) биринчи сорттогу унду сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.05.2020, 11:58