Үй чарбалардын 54 пайызга жакыны COVID-19 пандемиясынын кесепетинен кирешелеринин төмөндөгөнүн билдиришти

Басылмалардын датасы: 29.12.2020


Бул жөнүндө 2020-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн үй чарбасына COVID-19 пандемиясынын тийгизген таасири тандалма сурамжылоосунун жыйынтыктары күбөлөндүрөт.

Сурамжылоого 4 954 үй чарба катышкан, бул  тандоонун дээрлик 99 пайызга камтуусун камсыз кылган.

Сурамжылоонун маалыматтарына ылайык, COVID-19 же пневмония менен үй чарбанын эч болбогондо бир мүчөсү ооруган үй чарбалардын үлүшү 16 пайызды түздү.

COVID-19 же пневмония менен үй чарбанын эч болбогондо бир мүчөсү ооруган үй чарбалардын үлүшү

(пайыз менен)

Ооругандардын жогору үлүшү Ош облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында, төмөнүрөк үлүшү Нарын жана Баткен облустарында байкалган.

COVID-19 менен оруусу үй чарбанын эч болбогондо бир мүчөсүндө лабораториялык тест менен тастыкталган үй чарбалардын үлүшү 8 пайызга жакынын, ал эми пневмания менен оорусу 13 пайызды түзгөн.

Үй чарбанын эч болбогондо бир мүчөсүндө жогору температура, жөтөл же/жана жыт билүүнү жоготуу менен байланыштуу болгон ооруунун симптомдору болгон үй чарбалардын үлүшү 52 пайызга жакынын түзгөн.

Сурамжылоонун маалыматтарына ылайык, үй чарбалардын 66 пайызга жакыны, үй чарбанын эч болбогондо бир мүчөсү пандемияга байланыштуу депрессия, стресс же кооптонууда болгонун белгилешти.

Сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, үй чарбалардын 22 пайызга жакыны үй чарбанын эч болбогондо бир мүчөсү өлкөдө жумушунан айрылган же болбосо чет өлкөдө жумушун жоготконунун себебинен өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгонун белгилешкен. Ошону менен бирге үй чарбалардын 5 пайызга жакыны чет өлкөдө жумушун жоготконунун себебинен өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгонун, 20 пайызы өлкөдө жумушунан айрылганын кабарлашты. 

COVID-19 пандемиясы учурунда сатыкта жоктугуна же жогору баада болушуна байланыштуу 66 пайыздан көп үй чарбанын мүчөлөрү коргоо жана гигиена каражаттарын алууда кыйынчылыктарга дуушар болгон.  Ошол эле убакта, үй чарбалардын 60 пайызы бет кап менен кол кап сатып алууда, ал эми үй чарбалардын 52 пайызы коргоо жана гигиена жана санитария каражаттарын сатып алууда кыйынчылыктарга дуушар болгон.   

Пандемиянын шарттарында өндүрүштүн кыскарышынын фонунда калктын да кирешелери төмөндөдү. Крешелердин төмөндөшүн үй чарбалардын 54 пайызы белгиледи. 

Кирешенин төмөндөшү жөнүндө билдирген үй чарбалардын үлүшү

(пайыз менен)

Үй чарбаларда эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелер 37 пайызга, жеке көмөкчү чарбанын продукциясын сатуудан түшкөн кирешелер 16 пайызга төмөндөгөн, чет өлкөдөн которулган акчалардын кыскарышы 16 пайызды түзгөн.

Үй чарбалардын 64 пайызга жакыны, калкты биринчи кезекте эпидемиологиялык тобокелдиктен, ал эми 31 пайызы экономикалык тобокелдиктен коргош керек деп белгилешти.

Үй чарбалар үчүн эпидемиологиялык тобокелдиктерден коргоонун маанилүү чаралары

(пайыз менен)

Эпидемиологиялык тобокелдиктен коргоону биринчи чара катары белгилеген үй чарбалардын арасынан 54 пайызы коргоонун чаралары катары бет капсыз коомдук жайларга барууга тыю салууну, 13 пайызы – тамак аш азыктарын байланышсыз жеткирүүнү уюштурууну, 9 пайызы – аралыктан иштөөгө өтүүнү, 8 пайызы – мектептердин жана башка билим берүүчү мекемелердин аралыктан окутууга өтүшүн белгилешкен.

«Үй чарбасына COVID-19 пандемиясынын тийгизген таасири» таңдалма сурамжылоосунун жыйынтыгын жүктөп алуу

Түз эфирди көрүү: "COVID-19 үй чарбасына кандай таасир этти? Сурамжылоонун жыйынтыгы "


Акыркы жаңылоо: 29.12.2020, 17:00