2018-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун учурлары боюнча кайрылгандардын 80 пайызга жакыны - аялдар

Басылмалардын датасы: 27.12.2019


2018-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун учурлары боюнча кайрылгандардын 80 пайызга жакыны - аялдар

2018-жылы кризистик борборлорго кайрылгандардын 80 пайызы – аялдар. 2018-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 8 730 адам кайрылган, алардын көпчүлүгү (78 пайыз) – аялдар.

2018-жылы кризистик борборлорго, аксакалдар сотторуна жана башка адистештирилген

мекемелерге кайрылгандардын саны жынысы боюнча

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, беш жыл мезгил ичинде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча берилген убактылуу коргоо ордерлеринин санынын жылдык өсүшү белгиленген. Өтө байкаларлык өсүш (2 эсе) 2016-жылы белгиленген, бул ички иштер органдары баа берүү критерийлерине коргоо ордерлерин киргизүүнүн натыйжасында болду.

 

Берилген коргоо ордерлеринин саны

                          

2018-жылы 2014-жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иштерин кароо үчүн козголгон жана сотторго жиберилген кылмыш иштеринин саны 1,5 эсе өскөн, бул негизинен ден соолукка жеңил жана анча оор эмес зыян келтирилген учурлардын санынын көбөйүүсүнүн эсебинен болду.

 

 

 

_____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 27.12.2019, 14:32