2018 жылдын калктын саламаттыгынын айрым көрсөткүчтөрү

Басылмалардын датасы: 29.11.2019


2018-жылы республикада калктын илдеттеринин 1,6 млн.учурлары, анын ичинен 43 пайыздан ашууну балдарда аныкталган. 2018-жылы оорунун деңгээли калктын 1000 эсептегенде 251 учурларын түзгөн, бул 2014-жылга караганда 11 пайызга төмөн. Бул жагдай негизинен, перинаталдык мезгилде пайда болуучу айрым абалдардын (2,2 эсеге), эндокриндик системасынын ооруларынын, тамак сиңирүүнүн, зат алмашуунун бузулушу ооруларынын (1,7 эсеге), нерв системасынын ооруларынын (1,6 эсеге), айрым жугуштуу жана мите ооруларынын (30 пайызга), тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын (28 пайызга), жаракаттар жана уулануулардын (23 пайызга) жана башка оорулардын төмөндөшү менен шартталган. 

2018-жылы калктын жалпы ооруларынын түзүмүндө 37,5% - дем алуу органдарынын ооруларына, 8,1% - тамак сиңирүү органдарынын ооруларына, 7,1% - жыныс системасынын ооруларына, 5,7% - жугуштуу жана мите ооруларына, 5,7%- жаракаттарга жана ууланууларга, 3,4% - кан айлануу системасынын ооруларына туура келди.

 2018–ж. калктын оору-сыркоолору боюнча курамы

               (жыйынтыкка карата пайыз менен)

  

Дем алуу органдарынын ооруларынын түзүмүндө 78 пайыз жогорку дем алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясына туура келди.

 2018-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндөгу оорулардын негизги класстары боюнча  калктын ооруларга чалдыгуусу

  

1Улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча, www.cisstat.org.
Калктын оорусуна дем алуу органдарынын оорусуна чалдыккандардын эң көп үлүшү туура келди жана ушундай эле тенденция ЕАЭБ өлкөлөрүндө да байкалды.
Акыркы беш жылдын ичинде саламаттыкты сактоого мамлекеттик бюджеттен орточо эсеп менен 10 пайыз каражат каржыланган. 2018-жылы 2017-жылга салыштырганда саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар 16 пайызга төмөндөдү (төмөндөшү Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши менен байланыштуу болду, ага ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети өз-өзүнчө жүргүзүлөт). Өткөн беш жылдын ичинде республиканын бир жашоочусунун эсеби менен саламаттыкты сактоого кеткен мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 2014-жылы 2 214 сомдон 2018-жылы – 2 307 сомго көбөйдү.

Саламаттыкты сактоого кеткен мамлекеттик бюджеттин чыгымдары

 

2014

2015

2016

2017

2018

Саламаттыкты сактоо чыгымдары1:

 

 

 

 

 

     млн. сом

12 920,9

13 273,6

13 906,5

17 327,1

14 594,9

     ИДПга карата пайыз менен

3,2

3,1

2,9

3,3

2,6

  жалпы чыгымдарга карата пайыз менен 

10,7

9,9

9,2

10,4

9,2

1 2001-жылдын мамлекеттик финансы статистикасы ЭВФ колдонмосуна ылайык, финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен каражаттарды кошкондо.
2018-жылы саламаттыкты сактоо чыгымдарынын үлүшү бюджеттин чыгымдарында (финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен каражаттарды эске албаганда), Казакстан жана Россиядан башка, көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө төмөндөдү. Мында, эң маанилүү Кыргызстанда – 2,4 пайыздык пунктка, ал эми минималдуу Арменияда – 0,03 пайыздык пунктка болду. Казакстанда жана Россияда саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдарынын үлүшү өстү, 1,3 жана 1,1 пайыздык пунктка жараша.  Үй чарбаларды интеграцияланган тандалма изилдөө жүргүзүүнүн маалыматтары боюнча 2018-жылы  калктын ден соолугуна байланыштуу чыгашалары 6,8 млрд. сомдун жакынын түздү, алардын ичинен 73 пайызы дары-дармектерди сатып алууга багытталган. Ден-соолука кеткен баардык чыгашалардын 22 пайызы амбулатордук дарыланууга, 24 пайыздын тегерегинде стационардык дарылануу жана 54 пайыздан жогоруусу өзүн-өзү дарылоо байланыштуу.

2018-жылы үй чарбалардын ден-соолука кеткен чыгымдары
(млн. сом)

 

 

   Бардыгы

анын ичинде:

Амбулатордук дарыланоо

Стационардык дарыланоо

Өзүн-өзү дарылоо

  Кыргыз Республикасы

6 751,0

1 477,6

1 600,8

3 672,6

  шаар

2 585,1

628,3

423,5

1 533,3

  айыл

4 165,9

849,3

1 177,2

2 139,4

  Баткен облусу

305,1

109,4

85,8

109,9

  Жалал-Абад облусу

789,6

115,5

69,6

604,5

  Ысык-Көл облусу

391,2

30,8

77,6

282,8

  Нарын облусу

405,5

174,0

174,8

56,7

  Ош облусу

1 269,6

95,7

479,5

694,4

 Талас облусу

107,3

14,6

38,8

53,9

  Чуй облусу

1 925,0

611,9

369,4

943,7

  Бишкек ш.

1 238,5

254,2

175,6

808,7

  Ош ш.

319,2

71,6

129,6

118,0

Аны менен бирге,  Кыргыз Республикасынын калкынын өзүнүн ден-соолугун балоо иш жүзүндө 2017-жыл менен салыштырганда өзгөргөн эмес. Калктын 86 пайыздан ашыгы өзүнүн ден-соолугун жакшы жана абдан жакшы жана 13 пайыздын тегерегинде орто деп баалаган. Ошонун менен бирге, эркектердин 89 пайызы жана аялдардын 84 пайыздын тегерегинде өзүнүн ден-соолугун жакшы жана абдан жакшы деп эсептешет, эркектердин бир пайызы жана аялдардын 1,2 пайызы өзүнун ден-соолугун начар жана абдан начар деп баалайт. Өзүнүн ден-соолугун эң эле позитивдүү Ош шаарынын, Нарын жана Баткен облусунун калкы баалайт.

2018-жылы аймактар боюнча Кыргыз Республикасынын калкынын өзүнүн ден-соолугун баалоосу
(пайыз менен)

 

абдан жакшы

жакшы

орто, жакшы эмес жана начар эмес

начар

абдан начар

жооп жок

  Кыргыз Республикасы

21,8

64,4

12,8

0,9

0,1

0,0

  Баткен облусу

7,3

83,2

8,9

0,4

0,2

0,0

  Жалал-Абад облусу

32,3

53,9

12,9

0,7

0,1

0,1

  Ысык-Көл облусу

7,6

80,9

11,2

0,2

0,1

-

  Нарын облусу

22,8

69,6

7,0

0,5

0,1

-

  Ош облусу

11,8

72,0

15,2

0,9

0,2

-

  Талас облусу

20,3

69,3

10,1

0,2

0,1

0,1

  Чуй облусу

12,2

66,1

19,3

2,3

0,1

-

  Бишкек ш.

39,3

48,2

11,2

1,2

0,1

-

  Ош ш.

43,6

53,1

3,2

0,1

 -

 -

_______________________________________________________________________________________________________            Социалдык статистика бөлүмү  e-mail: j.rahmanova@stat.kg e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;      |тел. + 996 (312)  664209

Үй чарба статистикасы бөлүмү  |   e-mail:gsamohleb@stat.kg;   тел. + 996 (312)  324655

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндөгү Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.11.2019, 14:16