Чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан коммерциялык банктардын кирешелеринин олуттуу өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 21.11.2022


2022-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 603 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 565 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.

2022-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге (28,7 млрд. сомго) көбөйүү менен 75 млрд. сомго жакындады, бул негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 45 млрд. сомдон ашып, дээрлик 1,5 эсеге өстү.

Январь-сентябрында экономиканын финансы секторунун
ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн
көрсөткүчтөрү
 (млн. сом)

 

Кирешелер

Жалпы

чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2021

2022

2021

2022

2021

2022

Бардыгы

45 887,3

74 623,5

31 171,5

45 345,0

14 713,2

29 243,1

Банктар

37 503,6

65 498,8

25 433,2

38 922,7

12 069,0

26 543,6

Күрөөканалар

953,0

772,5

752,2

447,8

200,8

322,0

Кредиттик бирликтер

182,5

181,0

137,3

121,3

45,3

59,7

Микрокредиттик уюмдар

5 943,8

6 330,6

3 817,3

4 290,7

2 125,2

2 039,8

Камсыздандыруу уюмдары

1 265,0

1 802,9

1 008,1

1 535,0

256,9

267,8

Башка уюмдар

39,4

37,7

23,4

27,5

16,0

10,2

2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 67%ы пайда алышты, ал эми 13%ы чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 29,2 млрд. сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 2 эсеге (14,5 млрд. сомго) ашты. Пайданын өсүшү чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан алынган кирешелердин көбөйүшү менен шартталды, бул салыштырылып жаткан мезгилде алардын коммерциялык банктардагы көлөмү 8 эсеге көбөйдү.

2022-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 227 млрд. сомдон ашты. Банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар секторуна 14%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмдүн 25,3%ы), керектөө муктаждыктары (19,2%), айыл чарбасы (18,6%), ипотека (10,6%) жана курулуш (7%) болуп саналды.

 

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;            |тел. + 996 (312) 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 21.11.2022, 11:53