ЭЛ КАТТОО 2020: Мамлекетке өзүбүз тууралуу көбүрөөк маалымат топтоого көмөктөшөлү!

Басылмалардын датасы: 28.02.2020


2020 жылдын 23 мартынан 1 апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондду каттоо жүргүзүлөт. Эл каттоо – он жылда бир өтө турган маанилүү иш чара болуп саналып, өлкөнүн келечегин аныктоого жардам берет.

Эл каттоодо элдин санын, өлкөнүн аймагындагы каклтын бөлүштүрүлүшү, анын социалдык жана экономикалык абалы, элдин тили жана улуттук курамы жана билим деңгээли тууралуу маалымат чогултууга жардам берет.

Элди каттоодогу маалыматтар уникалдуу. Аларды башка булактардан алуу мүмкүн эмес. Булар өлкөнүн социалдык – экономикалык өнүгүсүүнүн перспективаларын аныктаганга көмөк көрсөтөт. Элдин саны жана курамы тууралуу маалыматтын негизинде бардык деңгээлдеги бюджетти түзүүгө жардам берет. Андан тышкары, каттоонун жыйынтыгы калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган мыйзамдардын негизин түзмөкчү. Ошондой эле элди каттоо маданий – тарыхый жактан да маанилүү. Ал келечек муунга - биздин өлкөнүн жарандары XXI кылымдын 1 – жарымында кандай жашагандыгын билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Каттоонун жыйынтыкталган маалыматтарын даярдоо, жарыялоо жоопкерчилиги Кыргыз республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн.

Чогуу мамлекетибизге өзүбүз тууралуу көбүрөөк маалымат топтоого көмөктөшөлү!

Улутстаткомдун тарабынан эл каттоонун мааниси тууралуу тартылган ролиги:

Мамлекетибизге өзүбүз тууралуу көбүрөөк маалымат топтоого көмөктөшөлү 

*******

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).

Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 


Акыркы жаңылоо: 28.02.2020, 14:15