2020-жылы эл жана турак жай фондунун каттоосу электрондук форматта өтөт

Басылмалардын датасы: 09.09.2019


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону электрондук форматта жүргүзүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан мобилдик тиркеме үчүн программалык камсыздоо иштелип чыкты. Ушул тиркеме 2019-жылы эл жана турак жай фондун пилоттук каттоодо Чүй облусунун Токмок шаарында, Чүй районунда жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында тестирленди. Мобилдик тиркемени тестирлөөнүн жыйынтыктары, алынган маалыматтардын сапатынын жакшыргандыгын, маалыматтарды иштеп чыгуунун убакыты кыскаргандыгын  жана кетирилген каталарды ыкчам табуу жана аларды оңдоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонун көрсөттү. 

 Ушуга байланыштуу,  2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун толук масштабда каттоону каттоочулардын мобилдүү телефондорун пайдалануу аркылуу мобилдүү тиркеменин жардамы менен 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

 

Статистикалык каттоолор бөлүмү   

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    

тел. + 996 (312) 32 53 36


Акыркы жаңылоо: 11.09.2019, 15:13