Кыргызстанда ар бир адам маанилүү! Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун кайрылуусу

Басылмалардын датасы: 22.03.2022


Урматтуу кыргызстандыктар!

2022-жылдын 25-мартынан 3-апрель аралыгында Кыргызстанда эл жана турак-жай фондун каттоо өтөт. Бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара салттуу түрдө ар он жылда бир өтөт. Бул жолку эл каттоо Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакта үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук эл жана турак-жай фондун каттоо 1999-жылы өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон.

Бул жолку эл каттоонун уникалдуулугу – электрондук форматта өтө тургандыгы болуп саналат. Албетте, маалыматтык технологиянын заманында жана өлкөбүздү санариптештирүүнүн алкагында, ошол эле мезгилде каттоочулардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн мындай аракеттер жасалып жатат. Электрондук эл каттоо респонденттерден маалымат топтоодо ыкчамдуулукту жана эффективдүүлүктү камсыздайт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өлкө үчүн абдан маанилүү болгон бул масштабдуу иш-чарага кызуу даярданууда. Эл каттоого тартыла турган персоналды окутуу, үйрөтүү иштери да алгылыктуу жүрүп жатат. Эл каттоого тартыла турган персоналдын катарын координаторлор, текшерүүчүлөр, каттоочулар, жана албетте Улутстаткомдун кызматкерлери толуктайт. Биринчи кезекте эл каттоого катыша турган персонал өздөрү каттоонун маанилүүлүгүн түшүнүшү жана Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоого байланыштуу бардык керек делген маалыматтарга ээ болушу абзел.

Каттоо саамалыгына Кыргызстандык бардык аймактарынан дээрлик 28 миң адам тартылат, алардын арасынан 25 миңи каттоочулар. Алардын бардыгында Android-5 жана андан жогорку мобилдик аппарат болуш керек.

Каттоочу болуп жашы 18ге толгон же андан жогору, Кыргыз Республикасынын жараны, физикалык активдүү, мамлекеттик жана расмий тилде сүйлөй ала турган, ошол эле учурда мобилдик тиркемени жакшы өздөштүргөн гана адам боло алат. Шаарларда каттоочулар негизинен студенттер болгондуктан, биз мобилдик тиркемени мыкты өздөштүргөн персоналды алуу максатта ЖОЖдор менен макулдаштык.

Эл жана турак-жай фондун каттоонун форматына токтолсок, каттоо баракчасы өзүнө беш суроолор тизмегин камтыйт. Беш суроолор тизмегинин төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кетишкен адамдарга ылайык иштелип чыккан. Негизинен, суроолор тизмеги 40тан ашык суроолордон турат. Суроолор жеңил: үй-бүлөдө канча адам жашайт, кандай шартта жашашат, үйдүн дубалдары эмне материалдан жасалган, жашагандардын билим деңгээли, жаш курагы, белгиленген жерде канча убактан бери жашап жатышкандыгы, тиричилик кылуудагы каражаттарынын булактары, кайсы тил эне тили болуп саналгандыгы, дагы башка кандай тилдерде сүйлөй ала тургандыгы, учурда иштеп жатышабы же жумуш издеп жатышабы жана башкалар. Үй-бүлөдө бир адам бардык адамдар үчүн жооп бергенге мүмкүнчүлүк берилет.

Өзгөчө белгилей кетчү бир жагдайга токтолгум келет. Таажывирустук инфекцияны жайылтпоо максатында Улутстатком Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте каттоо мезгилинде инфекцияны таратпоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыктык. Биз тараптан жеке коргонуучу каражаттар сатылып алынды жана азыркы тапта Улутстатком жана анын аймактык түзүмдөрү толугу менен келе жаткан эл каттоону өткөрүүгө даяр.

Каттоонун жыйынтыктары мамлекеттин демографиялык жана социалдык саясатында, ошол эле кезекте башка, болжолдорду жана өлкөбүздүн жана анын аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык программаларды, эмгек ресурстарды пайдалануу, жумуш менен камсыздоо жана башка ушул сыяктуу багыттарды иштеп чыгуу үчүн абдан маанилүү. Башкача айтканда, каттоо коомдун анын абалын, экономикасын, социалдык тармагынын күзгүсүн чагылдырып, өлкө жетекчилигине жаралып жаткан көйгөйлөрдүн чечилишинин эффективдүүлүгүн камсыздайт.        

Каттоо “Кыргызстанда ар бир адам маанилүү” урааны менен өткөрүлүп жатат. Учурдан пайдаланып, бардык Кыргызстандын жашоочуларын Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоого эң активдүү катышууга чакырам.

Кыргыз Республикасынын

Улуттук статистика комитетинин Төрагасы,

Бактыбек Кудайбергенов


Акыркы жаңылоо: 22.03.2022, 17:04