Акыркы айларда экономиканын өсүүсүнүн оң тенденциясы байкалууда

Басылмалардын датасы: 11.12.2018


 

Ички дүң продукт 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыктары боюнча, алдын ала баалоо боюнча, 474,5 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга көбөйдү.   

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2018-жылдын  январь-ноябрында ИДП көлөмү 428,8 миллиард сомду түздү жана 3,2 пайызга өстү.

 Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

 Өнөр жай продукциясынын көлөмү 221,1 миллиард сомду түздү жана 2017-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,9 пайызга көбөйдү, бул пайдалуу кен казуунун - 7,8 пайызга, ошондой эле баалуу металл өндүрүшүнүн – 2,2 пайызга өсүшүнүн эсебинен болду.   

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү 8,4 пайызга өстү. Ушул эле учурда, өсүү муңайзат продуктуларынын өндүрүшүндө (12,5 пайызга), текстиль  өндүрүшүндө (10,2 пайызга), кийим өндүрүшүндө (20,0 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарынын (23,4 пайызга), ошондой эле курулуш материалдарынын (10,1 пайызга) өндүрүшүндө камсыз болду.  

 Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

 Андагы көлөмдөрдүн өсүшү айыл чарбасында - 2,4 пайызды, курулушта – 8,4 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада – 5,1 пайызды түзгөн оң тенденциялар катталды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) бүтүндөй республика боюнча керектөө бааларынын 0,2 пайызга төмөндөгөнү (дефляция) байкалды, ал эми 2017-жылдын январь-ноябрында керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 2,9 пайызды түзгөн.

Жылдын башынан тартып керектөө бааларынын жана тарифтердин Нарын (2,6 пайызга), Ош (1,7 пайызга),  Ысык-Көл (0,9 пайызга) жана  Жалал-Абад (0,4 пайызга) облустарында, ошондой эле Ош шаарында  (0,3 пайызга) жогорулагандыгы катталды.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын  январь-ноябрында 5,4 млрд. АКШ долларын түздү жана 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,7 пайызга көбөйдү, ушул эле учурда, экспорттук операциялар 1,6 пайызга төмондөдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр,  тескерисинче, 9,8 пайызга өстү.

2018-жылдын январь-октябрында республиканын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 1,9 млрд. АКШ долларын түздү жана 2017-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 4,0 пайызга  төмөндөдү.

Муну менен бирге товарлардын экспорту 1,2 пайызга өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр 5,5 пайызга төмөндөдү. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен республиканын өз ара соодасынын олуттуу үлүшү Россияга (65,6 пайызы) жана Казакстанга (32,6 пайызы) туура келди. 

 ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Импорт                                                                                                              Экспорт

 

****

Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму өлкөдөгү маанилүү маалыматтык тутумдардын бири катары базар экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык,  кономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө статистикалык байкоо, иштеп чыгуу жана статистикалык маалыматтарды таратуунун жаңы методдоруна негизделген, эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайыктуу маалыматтар менен камсыз кылат.

Кененирээк маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысына кайрылыңыз:

тел.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дареги: Фрунзе көч.: 374 (Т. Молдо көчөсү кесилишет).

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


Акыркы жаңылоо: 11.12.2018, 13:28